УКРАИНА ЭМДИГИ ЖЫЛЫ ӨЗӨКТҮК ОТУН ӨНДҮРӨ БАШТАЙТ

Ушул аптада Европа Комиссиясы Украинадагы эки өзөктүк реакторду жаңылап-түзөтүү ишине 83 млн. долларлык насыя бөлүштүргөнүн жарыялады. Билдирүүдө Еврокомиссия төрт жыл мурун ушул эле долбоорго 500 млн. доллардан ашуун акча сунуш кылганы белгиленген. Адистер андан берки Евробиримдик менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө жаратылышты коргоо уюмдарынын катаал эскертүүлөрү бут тосуп келгенин айтышууда.
Евробиримдиктин 83 млн. долларлык насыя акчасы Украинадагы эки өзөктүк реактордун коопсуздугун жакшыртуу ишине жумшалмакчы. Долбоордо айтылгандай, "үчүнчү муундагы" реакторлордо иштелип чыккан өзөктүк отунду кийин Украинын Хмельницкий жана Ровно шаарларындагы заводдор пайдаланышат.

Экологдор, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык уюмдар эбактан бери айгай салып, эч буйдалбай жаап салууга үндөп келаткан бул эки реактор, баары ойдогудай болсо, ушул жылдын аягынан тарта ишке киришет. Евробиримдик мындан төрт жыл илгери Украинадагы дал ушул эки реакторду оңдоп-түзөтүүгө азыркыдан алты эсе жогору, 585 млн. долларлык насыя сунуш кылган. Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Гиллес Гантелет узакка созулган сүйлөшүүлөр бир жагынан Украина койгон шарттарга, экинчи жагынан Евробиримдиктин жеке коопсуздук маселелерине такалып келгенин билдирди.

- Азыркы макулдашуу – өтө маанилүү эки жагдайга негизделди. Биринчиси – Украина өзү долбоорго кетчү чыгымдардын негизги бөлүгүн көтөрмөй болду, экинчиси – сарпталчу чыгым мурдагыга караганда кыйла азайды.

Еврокомиссиянын өкүлү Биримдиктин акчасы Украинадагы өзөктүк реакторлордун коопсуздугун бекемдөө жагына гана жумшалаарын улам кайталап жатты.

Гиллес Гантелеттин айтымында, Украина бул долбоорго көбүрөөк акча жумшай алганы - өлкөдө электрэнергиянын акысын чогултуу иши жакшырганынан улам мүмкүн болуп отурат. Киевдик адистер болсо "3-муундагы" реакторлорду толук кандуу иштетүү - өлкөдөгү башкы энергетикалык компания – "Энергоатомдун" кызыкчылыгындагы маселе болгондуктан, ал каражатты аянбай жумшап жатканын айтып жатышат.


Эмнеси болсо да, 2000-жылдан бери жаратылышты коргоо уюмдары катуу сындап келаткан Украина-Евробиримдик ортосундагы долбоор турмушка ашмай болду. Ал уюмдар өзөктүк реакторлордун экологиялык коопсуздугу – Европа коомчулугун терең тынчсыздандырчу маселе экенине басым жасашкан. Эми минтип, дал ошол коопсуздук маселесин ийине жеткирүү жагын өзүнө алып, Еврокомиссиянын өкүлү Гантелет айткандай, Еврошаркет Украинадагы эки өзөктүк реактордун "саясий жоопкерчилигин" мойнуна жүктөдү. Ал "Украина акыры өзөктүк энергия алуудан баш тартпаары белгилүү болгон соң, реакторлордун коопсуздугу – бүткүл континент үчүн маанилүү маселе экенин эске алып, тийиштүү каражат бөлүүнү туура таптык", - деп белгилей кетти.