Иракта Египеттин барымтага алынган атуулу бошотулду

Багдад. Иракта буга чейин террорчу топ тарабынан барымтага алынган Египеттин атуулу бошотулду. Бул тууралуу маалыматты “Ал-Жазира” телеканалы жана Египеттин Багдаддагы элчилиги таратты. Экстремисттер барымтага алынган атуул иштеген Сауд Арабстандын транспорттук компаниясына Ирактагы ишмердүүлүгүн токтотуу талабын коюшкан. Аталган компания террористтердин талабын аткарууга макулдугун берди.