Палестин жетекчиси Йасир Арафат Газа аймагындагы дүрбөлөңдүү кырдаалды жакшыртуунун айласын издеп, өткөн апта соңунда эле коопсуздук күчтөрүнүн башчысы болуп дайындалган жээни Муса Арафатты кайра кызматтан алууга мажбур болду. Бул кызматты мурда ээлеп келген бригада генералы Абдел Разак Мажаиде кайра өз ордуна отурууга макулдук берди. Палестин оппозициясы Йасир Арафаттын жээнин коррупциянын символу катары айыптап чыккан.
Дүйшөмбүдө Муса Арафат Палестин коопсуздук күчтөрүнүн башчысы кызматынан айрылды. Йасир Арафаттын жээни Муса Арафат бул кызматта болгону эки күн турду. Палестин жетекчисинин жээнин коррупциянын жана «өң тааныштыктын» символу катары айыптаган күчтөрдүн бири – «ал-Акса шейиттеринин (Шухада ал-Акса) кошууну» деген топтун жоочулары дүйшөмбүгө караган түнү Рафах шаарында Муса Арафатка баш ийген аскерлер менен куралдуу тирешүүгө барды:
Бул салгылашууда бери дегенде он эки киши жарадар болгону кабардалууда. Жоочулар Рафах шаарында Палестин коопсуздук күчтөрүнүн штабын камалоого алып, бир нече саат бою штабды көздөй ок жаадырып турушту жана штабга жакын турган бир үйгө өрт коюшту.
Газа шаарында да ушундай эле куралдуу кагылышуулар болду. Жоочулар Муса Арафатка таандык деп божомол кылынган бир спорт клубуна кол салышты.
Бул «ал-Акса шейиттеринин кошууну» тобу бир кезде Йасир Арафаттын «Фатх» кыймылынын курамынан чыгып кеткен. Ишембиден жекшембиге караган түнү бул кошуундун жоочулары Газа тилкесиндеги Хан Йунус шаарчасындагы бир абакка кол салып, анда кармалгандарды бошотуп кетишкен. Бул кадамын жоочулар «Йасир Арафаттын өз жээнин коопсуздук күчтөрүнүн башчылыгына дайындаганына каршы нааразылык чарасы ирээтинде жүзөгө ашырдык» деп «Франс пресс» кабар агенттигине жиберген билдирүүсүндө баса белгилешкен.
Йасир Арафатты сындап келген Израил өкмөтү да аймактагы соңку окуяларга карата өз мамилесин билдирди. Израил адилет (юстиция) министри Иосиф Лапид жекшемби күнү кабарчыларга мындай деп айтты:
- Арафат коррупциянын үрөнүн себүүдө. Арафат бири-бири менен талашып-тартышкан он эки башка коопсуздук уюмун түзгөндүгү үчүн жооптуу. Арафат Израил менен саясий баарлашууну толук үзгүлтүккө учуратканы үчүн да жоопкер. Мындай жетекчинин айынан эми палестиндер жапа чегип жатышат.
Ал эми өткөн жылдын ноябр айынан бери өкмөттү жетектеген палестин премьер-министри Ахмед Корейи өз кызматынан чегинээрин ишембиде жарыялап, өкмөттүк кризис ого бетер курчуду. Йасир Арафат анын арызын кабыл алган жок, бирок Корейи өз чечиминде кала берээрин билдирди.
Серепчилердин айтымында, Йасир Арафаттын өкмөтүндөгү ички туруксуз кырдаал дагы бир кыйла убакытка өз кесепетин тийгизиши мүмкүн.
Израилдин айрым либерал гезиттери Палестин аймагындагы туруксуз кырдаал үчүн Израилдин азыркы премьер-министри Ариел Шарондун өкмөтүн да сынга алууда. Алардын оюнча, Палестин жергесине карата киргизилген чектөөлөр жана бул аймактагы экономикалык кыйынчылыктар Йасир Арафаттын өкмөтүнүн коррупцияга белчесинен батышына жана карапайым палестиндердин турмуш-тиричилигинин оордошуна өбөлгө түзүүдө.