Лорд Фредерик Батлер жетектеген комиссия Ирак боюнча британдык чалгын кызматтарынын маалыматын кылдат карап чыгып, чалгынчылардын баяндамасында бир катар мүчүлүштүктөр болгонун белгиледи. Бирок аларды чалгын кызматтары атайылап жасабагандыгы да баса көрсөтүлдү. Британ премьери Тони Блэр бул баяндама жарыяланган соң өз пикирин билдирип, Саддам Хусейнди кызматтан кетирүү туура кадам болгон деген мурдагы оюн кайталады.
Лорд Фредерик Батлер (Lord Frederick Butler; сүрөттө) жетектеген комиссиянын баяндамасы жарыяланаар алдында эле серепчилер анын өтө чоң сенсация туудурбай турганын жоромол кылып жатышкан. Мындай божомолдор туура чыккансыды.
Британдык чалгын кызматтарынын маалыматтарын чар жайыт жана айрым учурларда дурустап такталбаган жоромолдорго негизделген деп сынга алган баяндаманы журналисттерге тааныштырып жатып, шаршембиде лорд Батлер комиссиянын мындайча пикирин айтты:
- Биз мындайча тыянак чыгарабыз: Ирак олуттуу дээрлик химиялык жана биологиялык кыргын куралдарына ээ эмес болчу. Анын мындай куралды колдонуу боюнча планы да жок болчу.
Батлердин сөзүнө караганда, чалгынчылардын мурдагы Ирак режими менен «ал-Кайиданын» өз ара байланышы тууралуу шектенүүлөрү да чийки болгон:
- Биргелешкен Чалгын комитети Ирак режими менен «ал-Кайиданын» ортосунда кызматташтык болгону тууралуу эч кандай далил тапкан эмес.
Ошону менен катар, лорд Батлер жетектеген комиссия азыркы тапта MI-6 чалгын мекемесин жетектеген, мурда Британдык Бирдиктүү чалгын комитетин башкарган Жон Скарлетти кызматтан кетирүүнүн зарылдыгы жок экенин да айтты. Дал ушул комитет Иракка каршы согуш ачууга макулдук берүүгө парламентти ийиткен чалгындык баяндаманы сунуштаган болчу.
Батлердин комиссиясы өкмөттү саал сынга алып, Ирак 45 мүнөт ичинде согуштук аракетке даяр боло алат деген жыйынтыкты өкмөт чалгын баяндамасына кошпоосу керек эле, - деген бүтүмдү да чыгарды. Анткени бул 45 мүнөт масаалык кыргын куралына таандыкпы, же согуш талаасында колдонулчу башка курал-жарактарга тийешелүүбү, анда ачык айтылган эмес. Бирок, комиссиянын оюнча, өкмөт бул чалгындык баяндаманы атайылап бурмалоого далаалат кылган да эмес.
Премьер-министр Тони Блэр (Tony Blair) комиссиянын мындай анча-мынча сын камтылган бүтүмүнө жеңилдене үшкүргөнсүдү. Ошондой болсо да, Блэр Саддамдын режимине каршы согушту актай турганын дагы бир жолу бышыктады:
- Бул баяндамада көрсөтүлгөн ар бир ката үчүн, чынын айтсам, мен өзүм жоопкермин. Бирок мен Саддам Хусейнди бийликтен кетирүү катачылык болгон эле деп эч качан айта албайм.
Айтмакчы, лорд Батлердин комиссиясынын материалдарына караганда, Ирактын мурдагы режими Африкадан уран чийки затын алууга далаалат жасагандыгы тууралуу Британиянын чалгын кызматтарынын маалыматы чындыкка төп келет.
Ал эми Варик (Warwick University) университетинин профессору Вин Гранттын (Wyn Grant) оюнча, баары бир Тони Блэрдин өкмөтү болочокто деле сынга кабыла бермекчи:
- Баары бир бул окуя бушайман кылуусун уланта берет. Бул окуя премьерге кыйынчылык түзүүнү уланта бериши күтүлбөй койбойт.
Бирок, Грант мырзанын оюнча, бул сын пикирлер Блэрдин өкмөтү үчүн ойрондогуч мүнөзгө да ээ эмес.
Иракта согуштун алдында кыргын кылуучу курал-жарактары бар беле же жок беле? деген суроо Британияда гана эмес, Кошмо Штаттарда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да кызуу талаш-тартыш жаратууда.