Шейшембидеги “Агым” басылмасы өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловдун маегине орун берди. ”Вечерний Бишкек” басылмасы Ирандын Казвин аймагынын товар өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү ачылаарын кабарлады.
13-июлда, бүгүн жарык көргөн «Агым» басылмасы өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов менен болгон маектешүүгө орун берди. Анда мамлекеттик сырды ачып салды деген айып менен камакка алынган кишилердин парламенттеги «жучок» тууралуу ызы- чууга эч кандай тиешеси жоктугун айтып, «өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызды, амбициябызды, таарынычыбызды офицердик намысыбыздан жогорку койбошубуз керек» дейт Калык мырза. Ошондой эле бул маектешүүдө Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин ортосунда эч кандай тирешүү, карама- каршылык болгон жок жана болбойт. Биздин кылган ишибиз да бирдей.Ал эми мындай тирешүүлөр өлкөдөгү башаламандык, дестабилизация болушун көздөгөндөргө керек болуп жаткан го» деп жооп берет өлкөнүн коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов.
Ошондой эле ушул «Агым» басылмасында дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгени тууралуу жооптуу катчы Гүласина Каленова мындай дейт:
- Бүгүнкү «Агымдын» жаңы санында белгилүү жазуучу, драматург Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгы,жан- дүйнөсү тууралуу маеги, Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Айдарбек Керимкуловдун шайлоочуларынын наказдарын аткарганы тууралуу интервьюсу, Орусияда «төбө чачты тиктургузган» оор кылмыштарды кылган жердешибиз тууралуу макала, Москвага жумуш издеп баргандарды кандай кыйынчылыктар күтүп турганын мекендешибиз Алмаз Жумабаев ой бөлүшөт. Белгилүү окумуштуу Айылчы Сарыбаев өлкөдөгү банк системасынын оош- кыйыштары, экономикалык көйгөйлөр тууралуу пикири ,маданият жаңылыктары, криминалдык окуялар жана дүйнөлүк кабарларга орун берилди.
Шейшемби күнү чыгууга даярдалып жаткан «Адабий гезит» жумалыгында Кыргыз эл акыны, маркум Насирдин Байтемиров менен журналист Тенти Орокчиевдин маегинин уландысы жарыяланууда. Мында акындын махабат тууралуу айткан ойлору,өзүнүн башынан өткөн сүйүүсү тууралуу кеп кылган.
Ушул жумалыкта басууга даярдалып жаткан макалалар тууралуу редактордун орун басары Асанбек Кулманбетов буларды айтып берди:
- Прозачы, балдар акыны,алты тилде эркин сүйлөгөн Абдылда Карасартов учурдагы балдардын турмушу,келечеги жана балдар адабиятынын абалы тууралуу кенен айтып берген. Сандан-санга кетип жаткан жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин тарыхый романы басылууда. Учурдагы белгилүү обончу Айбек Карымов тууралуу жазылган чыгармага да орун берилүүдө. Ошондой эле жаш акындардын ыр түрмөгү да басылмадан орун алды.
Дүйшөмбүдөгү «Вечерний Бишкек» басылмасы 13-июлда Бишкекте Иран өлкөсүнүн Казвин провинциясынын товар өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылаарын кабарлады. Ошондой эле өлкө боюнча 6 айлык наристеден баштап 5 жашка чейинки жеткинчектерге ЮНИСЕФтин жардамы менен витамин берүү жумалыгы башталганын, мындай саамалык өлкөдө биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. Ушул басылма маалымдагандай xанзаада Ага Хан 4- өлкөдөгү расмий сапарында Ысыккөлдөгү туризмди өнүктүрүү долбоору ишке ашмак болду.
Xанзааданын Нарында Борбор Азия университетинин жер пайынын ташын түптөшү, Ысыккөлдөгү туризмди өрүктүрүүгө арналган эл аралык конференция жана Оштогу жолугушуулары тууралуу “Кыргыз туусу” басылмасы да кеңири баяндамаларды берди.
Шейшембиде жарык көргөн “Эркин тоо” басылмасындагы макалалардын мазмуну менен гезиттин жооптуу катчысы Асан Жунусов мындайча тааныштырды:
- Ханзаада Ага Хан VI Кыргызстанга болгон расмий сапары кеңири чагылдырылды. Анын катышуусу менен 8- июлда Нарында Борбор Азия Университетинин пайдубалынын ташы түптөлсө,кийинки күнү Ысыккөлдө өлкө жетекчилери жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан конференцияга болду. Мында көл жээгиндеги курорттук эс алуу жана туризмди өнүктүрүүнүн 10 жылдык программасы талкууга алынды. Ошондой эле Ага Хан түштүк аймагында болуп, тоолуу аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүү долбоору каралды. Ага Хан фондусу 1967- жылы канзааданын демилгеси менен түзүлүп, учурда 15 өлкөдө 100дөн ашуун долбоордун ишке ашуусуна көмөкчү болгон деп жазат журналист Рахымбек Байгубатов. Ошондой эле басылманын редакторунун орун басары Таалайбек Темиров Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева менен өлкөдөгү гендер маселеси тууралуу маектешкен.