«Арнамыс» партиясы мындан 5 жыл мурда 9-июлда өзүнүн уюштуруу курултайын өткөрүп, сунуш-пикир, алымча-кошумчалардын негизинде устав-программасын талкуулап, аны кабыл алган.
«Арнамыс» партиясы Кыргызстандын коомдук турмушунда кандай из калтырууда жана өзүн саясый партия катары кандай калыптандырууда? Бул маселе өлкөнүн коомчулугун жана саясатчыларынын бүйүрүн кызыткан маселелердин бири. «Арнамыс» партиясы тууралуу өлкөнүн айрым атуулдары өз пикирлерин мындайча билдиришти:
Самат: - «Арнамыс» партиясын жакшы билебиз. Уюмдун максаты - өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарды сактап, элдин жакшы жашоосу үчүн аракет кылуу. Азыркы бийликтин туура эмес саясатын сынга алып, оппозициялык маанайда жүрүшөт.
Эргеш: - Бул партиянын иш-аракети мага жагат. Мен аларды ар дайым колдойм.
Таалай:- «Арнамыс» деген атын эле угуп жүрөм. Кылган көрүнүктүү деле иши жок. Атына заты жарашпай турат.
Назира: - Саясат менен деле ишим жок. Саясатка аралашкым келбейт. Учурда саясатчылар, бийликтегилер элди жакырчылыктын сазына батырып, эл кыйналып турган мезгил. Байлардын байлыгы көбөйүп, колунда жоктор «итке минип», каражанын багуу түйшүккө айланды. Ушундай кыйынчылыктан элдин тагдырын ойлогон «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү чыгара алат беле деп үмүт кылып турам. Азыркы бийлик алмашып, эл үчүн чындап күйгөн азаматтар келбесе өлкөнүн тагдыры кыйын абалга туш болуп турат.
Черикбай Өмүрбеков Арабаев атындагы университеттин окутууучусу: - Бул партиянын уставы, программасы менен тааныштыгым бар. Эгерде ошол устав, программада белгиленгендерди аткарса, анда өлкөдө демократиялык баалуулуктар сакталып, элдин турмушу оңолот. Азыркы учурдагы оппозициялык маанайда, бийликтин кемчиликтерин бетке айтып, өз сунуш-пикирлерин ачык билдирген позициясы мага да жагат. Бирок кийинки учурда саясый билдирүүлөр менен көп чыкпай, маалымат айдыңында аты аз угулуп калды. Мурдакыдай таасири болбой, бир аз мокоп калгандай сезилет.
Бул ойлор - кыргызстандыктардын «Арнамыс» партиясы тууралуу пикирлери.
«Арнамыстын» артта калтырган 5 жылдыгы өзүнчө саясый жана тарыхый таасирлер, окуялар менен коштолуп келди. Беш жыл уюмдун калыптануу, калкка таанылуу мезгили болгонун партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай дейт:
-«Арнамыс» деп аталып, уюшулган күндөн баштап ар бир кадамы бийлик тарабынан аңдымайга алынды. Ошол эле учурда партиянын негиздөөчүсү Феликс Куловдун таасиринен чочулашты, кээ бир бийлик өкүлдөрү өзгөчө бушайман болушту. Ар кандай шылтоо менен болсо да, партиянын түзүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга таасир берүүчү жолдорду издей башташкан. Ошентсе да кадырман калк, карапайым элге партиянын түзүлүшү тууралуу кабар тез тарап, уюштуруу курултайына чейин эле 5 миң 700 кыргызстандык «Арнамыска» мүчөлүккө өткөн.
Эмил Алиев сөзүн андан ары минтип улантты:
- Учурда Шериктеш мамлекеттерде, чет өлкөлөрдөгү башпаанек кылып жүргөн мүчөлөрүн кошкондо 13 миңден ашаn. Азыркы максаты - абакта жаткан партиянын лидерин бошотуу, жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышуу.
Өлкөдөгү 40тан ашуун партиянын беделин билүү максатында иликтөө жүргүзгөн «Социнформбюро» агенттигинин жетекчиси Айганыш Абылгазиеванын пикири төмөнкүдөй:
- Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын райондорунда социалдык иликтөө жүргүздүк. Ага катышкан 673 атуулдун 60 пайызы эч бир партияларга ишенбестигин билдиришкен. Учурдагы абалдын өзгөрүүсүн каалаган атуулдар «Арнамыс» партиясына ишенгенин айтышкан. Өлкөдөгү партиялардын катарындагы таасирдүү делип «Арнамыс» биринчи орунду ээлеген. Мындай коомдук пикирди аныктап бергенибиз үчүн «Арнамысчылар» бизге рахмат айтуусу зарыл. Мындай социологиялык иликтөөнү былтыр күзүндө да өткөргөндө «Арнамыс» партиясынын бедели жогору экендиги таксыкталган.
«Арнамыс» партиясынын беш жыл ичиндеги жүргүзгөн саясатынын айрым багыттарына макул эместигин Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров мындайча билдирди:
- Бул партиянын уставы, программасы деле башка партиялардыкына үндөш, өзгөчөлөнгөн деле эч нерсеси жок. «Арнамысчылардын» айрым позицияларына мен макул эмесмин. Экономиканы көтөрүү, элди жакырчылыктан чыгаруу, демократиялык баалуулуктарды сактоо максаттары биздин партиянын программасына окшош.
«Арнамыс» партиясы өзүнүн 5 жылдыгын саясый координациялык кеңештин мүчөлөрү менен өткөн жылдарга анализ кылып, алдыдагы милдеттерин тактоо менен өткөрүштү.