Ооганстанда шайлоо участкасына кол салуу болду

Ооганстандын Кандагар шаарынан алыс эмес жерде шайлоо участкасы жайгашкан мектепке кол салуу болду. Полициянын маалыматына караганда, 30 чакты согушкер менен мектептин кайтаруучуларынын ортосундагы аткылашуу учурунда шайлоочуларды каттоо иштерине тартылган бир кызматкер жаракат алды. Кол салууну талиптердин тарапкерлери жасады го деп шектелүүдө.
Соңку бир нече аптанын ичинде Ооганстандын айрым аймактарында добуш берүүнү уюштуруу менен алектенген бир катар расмий адамдар өлтүрүлдү.
Өлкө президенти Хамид Карзай болсо бүгүн БУУнун жана Ооганстандын жооптуу кызматкерлери менен жолугуп, шайлоонун датасын аныктайт деп күтүлүүдө. Кээ бир маалыматтарга ылайык добуш берүү 22-сентябрь менен 21-октябрдын аралыгында өткөрүлүшү ыктымал.