Ирактын жаңы убактылуу өкмөтүнө эгемендик ыйгарым укуктары өткөрүлгөндөн бир апта өткөн соң, расмий Багдад эл аралык коомчулук менен жаңы деңгээлде карым-катнаш түзүү аракеттерин чамдатты. Бирок бул да оңой-олтоң иш эмес. Багдадга өлкөгө өз бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү ниетин билдирген айрым коңшу мамлекеттердин сунушун четке кагууга туура келди.
Албетте, Багдаддын жаңы өкүмдарлары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышты тез арада калыптандырууга куштар экендигинде шек жок. Бирок Ирактын убактылуу өкмөтү Түркия менен Иорданиянын өлкөгө бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү сунушун четке какты. «Ал-Арабиййа» сыналгы каналы үчүн курган маегинде Ирактын убактылуу премьер-министри Айад Алави Ирактагы этностор аралык жана диний мамилелердин бүгүнкү татаал мүнөзүн эске алуу менен, бул сунушту четке кагууга туура келгенин айтты. Бирок бул коңшу өлкөлөр өздөрүнүн чек арасын чыңдоо жана чек аралардан ары-бери өтүүгө умтулган жоочуларга жол бербөө аркылуу Иракка олуттуу жардам бере алаар эле, - деди Алави.
Ирактын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Хамид ал-Байатинин (сүрөттө) биздин кабарчыбызга айтканына караганда, Ирак коңшуларынын жардамына муктаж, бирок алардын аскеринин өлкөгө киргизилиши ансыз да опурталдуу кырдаалга терс таасир тийгизиши ыктымал:
- Бахрейн, Йемен, Иордания жана Марокко да өз көмөгүн сунуш кылып жатышат. Бирок, аскер жөнөтүү жагдайына келсек, биз чектеш өлкөлөрдүн аскер жөнөтүүсү жаатына чочулоо менен карап жатабыз. Менимче, биз ар кандай көмөккө, маселен, адистерди машыктыруу, жабдуу менен камсыз кылуу, ал түгүл террорчулар жана кылмышкерлер тууралуу маалыматтар менен өз ара бөлүшүү жагынан алардын көмөк кылышын кубаттаар элек.
Ал-Байатинин айтымында, эгерде Иорданиянын өлкөгө аскер киргизишине уруксат берилсе, анда Ирактын башка түздөн-түз коңшулары – Сирия, Сауд Арабстан, Түркия же Ирандын өлкөгө аскер киргизишине каршы болуу кыйынга тураар эле. Ушул тапта расмий Багдад Иран, Иордания жана Сирия менен чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө далаалат кылууда.
Албетте, жаңы Ирак Ортоңку Чыгыштагы бардык өлкөлөр менен дипломатиялык алакаларды чыңдоого муктаж. Бирок расмий Багдад коңшу Иорданиянын жолун жолдоп, Израил менен эки тараптуу дипломатиялык мамилелерди түзүүгө ашыкпай тургандай. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары ал-Байати мындай дейт:
- Израил – бул башка бир маселе. Менимче, биз Араб лигасынын чечимине моюн сунмакчыбыз. Биз Араб лигасына мүчөбүз жана Израил менен карым-катнаш жаатында бул лига эмнени чечсе, ошону колдоого алмакчыбыз. Ал эми ушул тапта Израил менен дипломатиялык алакаларды түзүү боюнча эч кандай расмий турумубуз жок.
Хамид ал-Байати мырзанын айтымында, АКШнын аскерлеринин буга чейин өлкөнү көзөмөлдөп турушу Ирактын аймактагы дипломатиялык мамилелерине олуттуу кесепетин тийгизди. Эми жаңы убактылуу өкмөт бул кесепеттерди жоюу аракеттерин жасоодо. Азырынча, Ирак өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмуна толук мүчө болгону менен, добуш берүү укугун кайтарып ала элек. Анткени өлкө бул уюмга мүчөлүк акысы боюнча карызын төлөй элек. Хамид ал-Байатинин айтымында, БУУ бул карызды кечип же жеңилдетип берсе, жаңы өкмөт үчүн өтө чоң жардам болоор эле.
Өткөн аптада Стамбулда өткөн НАТО саммити Ирактын аскерлерин машыктырууда жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул жагдай да расмий Багдадды келечекке ишенимдүү кароого кыйла үмүттөндүрүүдө.