АКШнын аскердик жетекчилиги Ооган туткундарына байланышкан чатакты териштирип жатат

КАБУЛ. АКШнын аскердик жетекчилиги Ооган туткундарына байланышкан чатакты териштирип жатат. Армиянын майору Жон Зиипмандын билдиргенине караганда, күнөөкөрлөргө каршы "тийешелүү чара" көрүлөт. Ирактагы туткундарга байланышкан чатак Ооган түрмөлөрүндөгү укук бузууларга да жалпынын көңүлүн бурду. 2002-жылдан бери АКШ аскери жетекчилиги бул өлкөдө беш туткундун өлүмүнө байланыштуу иликтөө жүргүзгөнүн айтат. Жакында ал дагы эки окуяны иликтөөгө алды. Буга туткундардын түрмөдөгү уруп-сабоолор жана сексулдык кемсинтүүлөр жөнүндөгү арыздары себеп болгон.