КИНОДО ДА, ТУРМУШТА ДА КОЗГОЛОҢЧУ БОЛГОН МАРЛОН БРАНДО ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Кошмо Штаттардагы таланттуу актерлордун жана өз муунун коомдогу көйгөйлөр тууралуу терең ойлондурууга жетишкен кино жылдыздардын бири – Марлон Брандо бейшемби түнү 81ге караган чагында дүйнөдөн кайтты. Оскар сыйлыгына эки жолу татыган бул киноактер «Деңиз жээгинде» жана «Киндик ата» деген жана башка тасмалардагы аткарган ролу аркылуу азыркы дүйнөлүк кино өнөрүнүн жаңы сереге чыгышына олуттуу салым кошкон.
Марлон Брандо июлдун 1инде Лос-Анжелес аймагындагы ооруканада каза тапты. Анын эмне себептен өлгөнү тууралуу маалымат таркатылган жок.

АКШнын кино мектебине өчпөс из калтырган бул өнөрпоз 1924-жылы 3-апрелде Небраска штатындагы Омаха жергесинде майда соода менен алектенген кишинин жана чакан шаарчада өнөрпоздук кесипти аркалаган айымдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Марлон өзүнүн өнөрпоздук карьерасын 1944-жылы баштаган. Ал ошол жылы Бродвейде «Мен апамды сүйөм» деген пьесада рол аткарып, актердук тушоосу кесилген.

1951-жылы «Эңсөө деп аталган трамвай» (A Streetcar Named Desire) фильмине, 1953-жылы «Жапайы неме» (The Wild One) деген тасмага тартылган. Ал эми 1954-жылы «Деңиз жээгинде» (On the Waterfront) тасмасындагы ролу үчүн Оскар сыйлыгына алгачкы жолу татыган.

Бул тасмада анын кейипкери өз бир тууганына мындай деп кайрылат:

- Менин зоболом жогору болушу мүмкүн эле да! Мен башкаларга атаандашып чыга алмакмын. Мен таанымал киши болушум ыктымал эле да!

Бул тасмадагы кейипкер коррупцияга белчесинен баткан кесиптик кошуунга каршы ачык күрөшкө чыккан боксчу. Өзүнүн кейипкери сыяктуу эле, Марлон Брандо да турмушунда өз көз карашын жалтанбай айткан инсан болду.

1960-жылдары ал америкалык индейлердин – «кызыл терилүүлөрдүн» - укугун коргогон кыймылдын жигердүү өкүлү катары таанылды. Маселен, 1963-жылы Алабама штатындагы Гадсен шаарчасында уюштурулган демонстрацияда ал төмөнкүдөй сөздөрү менен жыйын катышуучуларына кайрылган:

- Биз Вашингтонго учак менен барууга камынып жатабыз. Баарыбыз тең анда атуулдук укуктарыбыз тууралуу сөз козгомокчубуз. Биз баарыбыз тең сыналгыдан чыгып, эмнени билсек, ошол тууралуу айтабыз, анткени бул өлкө - таптакыр түркөй өлкө, - деп ал индейлердин укуктары маселесине кайдыгер караган өз мекендештерин сынга алган.

Айтмакчы, Брандо режиссер Фрэнсис Копполанын 1972-жылы тартылып бүткөн жана америкалык мафиянын ички оош-кыйыш турмушун чагылдырган «Киндик ата» (The Godfather) тасмасындагы Дон Вито Корлеоненин ролун мыкты аткарган. Бул ролу үчүн кийинки жылы ага өзүнүн экинчи Оскар сыйлыгын ыйгарышканда, Марлон Брандо өлкөдөгү индейлердин укуктарынын бузулушуна нааразылык билдирүү ирээтинде киноакадемиянын бул жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткан. Вьетнам согушуна арналган «Азыркы учурдун ойрон күнү» (Apocalypse Now) тасмасында ал сырдуу полковник Курцтун ролун ойногон. Копполанын бул тасмасы да Брандонун актердук ийгиликтеринин бири болуп калды.

Ал Пачино сыяктуу америкалык кино жылдыздары Брандону өздөрүнүн кудайындай эле көрүп, аны урматтап келишти.

Брандо жалаң гана америкалыктардын эмес, дүйнөнүн башка бөлүгүндөгү кино ишмерлердин да сый-урматына арзыган. Орусиянын эл артисти, кинорежиссер Андрей Кончаловский маркумду эскерип, ал өз атажуртунун жакшы жактарын да, талуу жерлерин да мыкты аңдаган инсан эле десе, орус композитору Александр Журбин: «Марлон Брандо – дүйнөлүк кинематографта өзүнчө эле доор болуп калды» деген баасын айтты.