САДДАМ ХУСЕЙН ИРАКТЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ

Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөнүн эгемендик ыйгарым укугун алгандан эки күн өтпөй, АКШ аскерлери өлкөнүн мурдагы президенти Саддам Хусейнди Багдаддын жаңы бийлигине өткөрүп берди. Саддам менен кошо башка да мурдагы жетекчилердин он бири өткөрүлдү. Алардын арасында мурдагы вице-премьер Тарык Азиз жана химиялык курал-жарактарды пайдаланууга катышы бар делген Али Хасан ал-Мажид мырзалар да бар.
Саддам Хусейндин Ирактын жаңы убактылуу өкмөтүнө өткөрүлүп берилишин эл аралык коомчулукта тарыхый жаңы учур катары баалашууда. Жыйырма жылдан ашуун мезгил бою Иракта өзүнүн катаал режимин орнотуп, мекендештеринин далайынын канына забын болгон диктатор катары айыпталып жаткан кишинин өзү чет элдиктер тарабынан эмес, мекендештери тарабынан адилет сот жазасына тартылаары, чынында да, чоң уу-дуу кептерди жаратууда.

Лондондогу Араб жана иран таануу чордонунун өкүлү Алиреза Нуризаде Багдаддын жаңы өкмөтүнүн Саддамдын үстүнөн болчу сот жараянын создуктурбай баштоо жөнүндөгү чечимин колдоого алды:

- Саддам сот залында ирактык соттун маңдайында туруп сурактан өтүшүн көрүп күбө болуунун өзү, - бери эле дегенде Саддам кайсы бир күнү бийликке кайтып келсе экен деп эңсегендер үчүн, - абдан залкар бурулуш учурга жатат.

Нуризаденин айтымында, бул сот жараяны Саддамды «баатыр» катары көрсөткөн уламыштарды жокко чыгараар эле. Анын үстүнө, анын режиминин запкысын тарткан жүз миңдеген кишилер адилеттик келди деп жеңил үшкүрөөрүндө шек жок, - дейт Нуризаде.

Саддам Хусейн былтыр декабрда жертөлөдө жашырынып жаткан жеринен АКШ аскерлери тарабынан камакка алынган. Бул окуяны ошол таптагы Ирактын америкалык башкаруучусу Пол Бремер дүйнө жүзүнө мындайча жарыя кылган:

- Бул – Ирак тарыхындагы улуу күн. Ондогон жылдар бою сиздердин араңыздардан жүз миңдеген кишилер дал ушул ырайымсыз кишиден запкы чегип келишкен. Саддам Хусейн ондогон жылдар бою сиздерди бири-бириңиздерге кайраштырып келген. Ондогон жылдар бою ал коңшуларыңыздарга сес көрсөтүп жана аларга кол салып келген.

Ал эми Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Айад Алави мырза дүйшөмбүдө Саддам Хусейндин тагдыры тууралуу суроого жооп берип, демократияга умтулуп жаткан жаңы Ирак мамлекети Саддам Хусейндин түшүнө да кирбеген адилет сот жараянын мурдагы диктатор үчүн камсыз кылынаарын эскерткен:

- Бул сот жараяны адилет жана калыс болот. Саддам өзү душмандарына жана ирак элине карата уюштуруп келген сот жараяндарынан ал таптакыр айырмаланат.

Саддам Хусейндин жана анын мурдагы жөкөрлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларды АКШнын аскерлери кайтарган абак жайда калтыра туруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Качан гана Ирактын жаңы өкмөтү ишенимдүү абак жайын камсыз кылууга жетишкенде, Саддам менен жөкөрлөрү ирактык коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлмөкчү.

Эртең (бейшембиде) Саддам Хусейн алгачкы жолу сот залына алынып келмекчи. Ага согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыш иштери менен байланыштуу айып тагылмакчы. Алардын арасында 1988-жылы өлкөдөгү күрт калкын жазалоо үчүн химиялык куралды пайдаланганы, 1990-жылы Кувейтке кол салганы, 1980-1988-жылдары Иранга каршы согуш жүргүзгөнү жана өлкөдөгү шийилерге запкы көрсөткөнү менен байланыштуу доолор бар.

Айтмакчы, Саддам Хусейнди коргоочу адвокаттар тобун жетектеген иорданиялык адвокат Мухаммед Рашдан (Mohammed Rashdan) мырза Ирактагы согуш мыйзамсыз болче, демек, алдыда күтүлүп жаткан сот жараяны жана соттордун өзү да мыйзамсыз деген пикирин бүгүн Ройтерс кабар агенттигине билдирди.

Жергиликтүү адвокат Салим Чалабинин айтымында, ушул күндөрү Саддамга расмий айып тагыла турган менен, анын үстүнөн жүрө турган сот жараяны толугу менен келээрки жылы гана башталышы мүмкүн.