29-июнда жарык көргөн “Агым” басылмасында «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин башка саясий блоктор менен мамилеси, келаткан шайлоолор жана Мисир Ашыркулов жөнүндө берген интервьюсу жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы армиядан качып, жоокердик милдетин аткарбагандар тууралуу макалага орун берди.
29-июнда жарык көргөн «Агым» басылмасында «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев «Биз тигил же бул саясий блокко кире албайбыз, анткени биздин көз карашыбыз, партиялык программаларыбыз бири- бирибизге дал келбейт. Бирок бул биз аларга каршы пикирдебиз, шайлоолорго карата болгон көз карашыбыз ар кандай дегенди билдирбейт. Тек, Атуулдук бирикме менен саясий блоктордун статустары башка. Биз бардык, атүгүл бири-бирине каршы пикири бар амбициялуу саясатчыларды да бириктиргенге шарт түзөбүз. Эл кимди тандаса биз ага моюн сунуп, ошол кишини колдоого даярбыз» дейт Өмүрбек Текебаев. Андан аркы маегинде «талапкерлер баары бир бириккенге аргасыз. Эгер бирикпесе алар бийликтин, байлыктын алдында алсыз» дейт Өмүрбек мырза. Ал эми Мисир Ашыркулов жөнүндө «Ал жасаган кадам - бул тобокелге белбайлаган, тиги же бул курмандыкка даяр турганын билдирген кадам болду. Эгер ар бирибиз өлкөнүн келечеги, адилет шайлоолор үчүн өзүбүздүн, досторубуздун, туугандарыбыздын карьерасын тобокелге сала турган болсок, турмушубуз бир кадам алга жылмак» деген оюн айткан Өмүрбек Текебаев. Ал азыркы бийликтин ыдырай баштаганын белгилеп «ачык билинбеген менен көшөгө артында катуу чабышып жатат. Бири-бирине каршы «бомбалар» гезиттер, телекөрсөтүү аркылуу «жарылган» учурлар болду. Эгерде Аскар Акаев эртең кетээри анык болсо, биз билбеген комбинациядагы саясый блоктор түзүлүшү мүмкүн» деп жооп берет кабарчынын суроолоруна «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикменин мүчөсү Өмүрбек Текебаев.
Ошондой эле ушул «Агым» басылмасында дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгени тууралуу жооптуу катчы Гүласина Каленова мындай дейт:
-Бүгүнкү «Агымдын» жаңы санында журналист Мамат Сабыровдун Жогорку Кеңештин сессиясынан даярдаган репортажы, далай жыл Жапонияда элчи болуп иштеген Ишенбай Абдуразаковдун кыргыз эли, анын келечеги, үрп-адаты, учурдагы турмушу, ыйман-пейили жөнүндөгү ойлорун «Өзүң ак болбосоң, ак бол деп кимден сурайсың» деген маеги, улуттук банктын ишмердигине депутаттардын берген баасы, ошондой эле жайкы каникулда кайсыл депутат кандай эс алып, кайда өткөрөөрүн маалымдаган кабарлар, футбол жана кино жаңылыктары, криминалдык окуялар жана дүйнөлүк кабарларга орун берилди.
29-июнда жарык көргөн «Аалам» басылмасында «Адвокат көп, Ашыркул уулундай аз» деген журналист Назира Алиеванын макаласына орун берилди. Анда Аскар Акаев соттордун 80 пайызына ишенбегенин билдирсе, адвокат Ашыркул уулу Токторбек мырза соттордун 95 пайызына ишенбестигин айткан.
Ушул «Аалам» басылмасында дагы кандай макалаларга орун берилгендиги тууралуу басылманын редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай деди:
- Баяндамачыбыз Кенжалы Сарымсаковдун «Божурама сөздөн эл тажады» деген, учурдагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү тууралуу аналитикалык макаласы жарык көрдү. Ошондой эле «Алоо, Атамекенди коргоодон качкандар» деген макалада жоокердик милдетин аткарбай качып жүргөндөр тууралуу сөз болот. Алдыдагы Афина олимпиадасында кыргыздын намысын коргоочу грек- рим күрөшүнөн 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөновдун «Олимпиадалык чемпион болууну ар дайым кыялдана берчү болдум» деген интервьюсу жарыяланды. Жайкы каникулда кайсы депутат кайда эс алаарын иликтеген журналист Элнура Кулуеванын макаласына орун берилди.
29-июнда басууга даярдалып жаткан «Адабий гезитте» жаштардын «Нур борбор» бирикмеси тарабынан чыгармачыл жаштарга ыйгарылуучу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыктын жол-жобосу, шарты тууралуу ушул сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын төрагасы Сулайман Рыспаев кененирээк маалымдайт. Ошондой эле ушул басылмада кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын редакторунун орун басары Асанбек Кулманбетов мындай дейт:
- Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 75 жашка чыгышына байланыштуу Кыргыз агрардык академиясында ачылган Айтматов атындагы институт жөнүндө пикирлер, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү акын Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгы, жан-дүйнөсү, адабий агымдарга болгон көз карашы тууралуу мурда көзү тирүүсүндө куруп берген маеги сандан-санга кетип жатат. Ошондой эле жаштардын чыгармаларына да орун берилүүдө.