Жекшембиде, июндун 27синде, Монголияда парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Бийликтеги партия – мурдагы коммунисттер. Бирок алар азыркы тапта Батыш Европада таасирдүү күчтөрдөн болгон социалисттердин платформасына өткөн. Монголия жакыр өлкө болгону менен, демократиялык реформалар жаатында Боробордук Азиядагы пост-коммунисттик өлкөлөрдү өз чаңына калтырды. Алдыдагы шайлоо Монголиянын жаңы саясий системасы үчүн кезектеги сыноо болуп калмакчы.
Монголияда иштеп жаткан чет элдик байкоочулардын айтымында, өлкөнү 2000-жылдан бери бийлеп жаткан Монголия Элдик Революциячыл партиясы (МЭРП) соңку он беш жыл ичинде саясий уюм катары чукул өзгөрүүлөрдү баштан кечирди. Ал азыр чордончул-солчул нукту тутат жана Социалисттик Интернационалга да мүчөлүккө өткөн.
Бул мурдагы марксисттик партияны кайра жаралууга алып келген жаңы муундагы саясатчылардын жетекчиси – Намбарын Энхбайар учурда өкмөт башчысы. Ал Британияда таалим алган тилчи адис. Азыркы тапта Энхбайардын өкмөтү өлкөгө арбын инвестиция тартуу, базар мамилелерин чыңдоо багытында бар аракетин үрөөдө. Жерге карата жеке менчикти киргизүү сыяктуу соңку чаралар коммунисттик түзүлүштү баштан кечирген коом үчүн оңой-олтоң жүзөгө аша койгон жок. Айрым аймактарда өкмөткө каршы нааразылык жыйындары да болду.
АКШнын Монголияда өз бөлүмүн ачкан өкмөттүк эмес уюмунун – Эл аралык республикалык институттун Улаан-Баатардагы өкүлү Жон Пөпсел (John Poepsel) өз мекемеси быйыл апрел айында бул өлкөдө сурамжылоо уюштурганын, жана ага катышкан монгол атуулдарынын 59 пайызы азыркы премьер-министрдин ишмердүүлүгүнө оң баа бергенин маалымдайт.
Бир жагынан алганда, Энхбайар жана анын партиясы бийлик тизгинин оңой менен колдон чыгарчудай эмес. Азыркы парламенттин 76 орунунун 72син Энхбайардын партиялаштары ээлейт.
Бирок, экинчи жагынан, Испаниядагы окуялар көрсөткөндөй, калк маанайы керек болсо бир түндө өзгөрүшү мүмкүн. Монголдор 1996-жылдан 2000-жылга чейин азыркы оппозициядагы партиялардын ынтымагы – Демократиялык Биримдик Коалициясы өкмөттү башкарып турган чакты унуткара элек. Ал учурду эңсегендер да аз эмес. Азыр да оппозициячыл партиялар жекшембиде шайлоочулардын басымдуу бөлүгү өздөрүн колдоп чыгат ко деп үмүттөнүүдө.
Бирок бул – оңой-олтоң жүзөгө ашчу иш эмес. Маселен, Атамекен Демократиялык коалициясынын өкүлдөрү бийликтеги партияны үгүттөп жабыштырылган плакаттар оппозициялык уюмдардыкынан бир нече эсеге көптүк кылаарын белгилешип, Монголия Элдик Революциячыл партиясынын жетекчилигин өз бийлигинен пайдаланып, ишкерлерди өздөрүнүн пайдасына үгүт баракчаларын көп сандап чыгарууга мажбурлап жатат деп сындап чыкты.
Монголияда дээрлик 2 миллион 750 миң киши байырлайт. Калктын 85 пайызын халха жана башка монгол тилдүү элдер, калганын казак, тыва сыяктуу түрк элдери, тунгус тилдүү жана башка улуттук азчылыктар түзөт. Экономика былтыр 5 пайызга өскөнү, канадалык компания алтын кенин иштетүү үчүн 75 миллион доллардык инвестициялык салымын кошо баштаганы, эл аралык туризм 15 пайызга өскөнү – азыркы өкмөттүн реформалык ишмердүүлүгүнүн ийгиликтерине жатат.
Бирок өкмөт жакырчылыкты жоюу жаатында өз убадасын аткара алган жок. Жумушсуздардын саны да анча азайган жок. Аракечтик сыяктуу жосунсуз көрүнүштөр олуттуу социалдык көйгөй бойдон кала берүүдө. Анын үстүнө, кышкы жут, жайкы кургакчылык, кала берсе, дүйнөлүк базарда тыбыт, жүндүн жана алтындын баасынын түшүп кетиши сыяктуу жагдайлар да, премьер-министр Энхбайардын айтымында, өкмөткө кошумча түйшүктөрдү жаратты.
Эмнеси болсо да, монголдор июндун 27синде өзүнүн жаңы парламентин шайлайт. Америкалык иликтөөчү Жон Пөпселдин айтымында, Борбор Азиядагы расмий аталышы «-стан» сөзү менен аяктаган пост-советтик авторитардык жана жарым-жартылай либерал мамлекеттерден айырмаланып, бул өлкө ачык коомго, либералдык түзүлүшкө карай ири кадам жасоого жетишти. Монголияны «стандарга» караганда Түштүк Кореяга көбүрөөк жакындатсак болот, - дейт Пөпсел.
Балким, Кыргызстан Ички Азиянын батышындагы «стандардын» ичинен алгачкы болуп Монголиядагыдай саясий реформаларды жүргүзүүгө жетишээр? Келээрки жылы Алатоодо боло турган парламенттик шайлоонун жана ага чейинки шайлоо өнөктүгүнүн адилет жана калыс жүргүзүлүшү, жергиликтүү адистердин айтымында, кыргызстандыктар үчүн тагдыр чечээр учур болуп калмакчы. Ал эми Монголия өзүнүн саясий турмушунун жаңы белесин алдыдагы жекшембиде ашаары күтүлөт.