БИШКЕК. «Рентон групп» компаниясына алданган аманатчылардын жүздөн ашуун өкүлү бүгүн Акүйдүн алдына келишип, президенттик администрацияга өздөрүнүн катын тапшырды. Аманатчы Лилия Шаталованын маалымдоосуна караганда, катта «Рентон групптун» чатагын иликтеген вице премьер-министр Уларбек Матеев жетектеген өкмөттүк комиссиянын корутундусуна нааразычылык билдирилип, аманатчылардын акчасын кайтарып берүүнү камсыздоо талабы айтылган.
«Рентон групптун» жетекчилиги өткөн жылы август айында качып кеткендиктен, ага акча салган 3 миңдей аманатчы жалпысынан 250 миллион сомунан кол жууп калган.
«Рентон групптун» жетекчилиги өткөн жылы август айында качып кеткендиктен, ага акча салган 3 миңдей аманатчы жалпысынан 250 миллион сомунан кол жууп калган.