ЭМНЕ СЕБЕПТЕН АМЕРИКАЛЫК ЖАШТАР ИРАКТАГЫ СОГУШКА КАРШЫ АКЦИЯЛАРДЫ ӨТКӨРБӨЙТ?

60-70-жылдары Вьетнамдагы согуш маалында миңдеген жаштар Американын көчөлөрүнө чыгып, урушту токтотууну талап кылган эле. Ушу тапта Ирактагы согуш АКШ коомчулугунда кызуу талкууланып жатканы менен, 60-жылдардагыдай массалык нааразылык акциялары байкалбайт. Мунун себеби эмнеде?
Өткөн жумада АКШ президенти Жорж Буш Луизиананын университетинде болуп, бүтүрүүчүлөр менен жолукту. Президенттин кайрылуусун жаш улан-кыздар кол чабуу менен кабыл алды.

Эми Вьетнам согушу алоолоп жаткан кезде Линдон Жонсондун ушул өңдүү жолугушуусун элестетип көрсөңөр. Мындан 35 жыл илгери америкалык студенттер президентке кол чабуу турсун, аны ачуулануу менен тосуп алышмак.

Бүгүн да Америка коомчулугу Ирактагы согуштун айынан экиге бөлүнүп калган. Бирок эмнегедир, урушка каршы болгондор демонстрация-митингге сейрек чыгышат. Чыгышса да андай нааразылык акциялар көп кишини чогулта албайт. Эмне себептен?
АКШнын мурдагы конгрессмени Билл Френцель мунун эки себеби бар деп эсептейт. Биринчиден, Ирактагы согуш Вьетнамдагыдан айырмаланып, көпкө уланбайт, созулбайт көрүнөт. Экинчиден, Америкада азыр милдеттүү түрдө аскерге алуу жоюлган.

1954-жылы башталып 1975-жылга дейре созулган Вьетнам согушу 58 миңден ашуун америкалыктын өмүрүн кыйган. Жергиликтүү маалымат каражаттары жоготуулар жөнүндө күнүгө кабарлап турчу.
Жакын достору, классташтары, курдаштары набыт болуп жатканын көргөн жаштар, албетте, демонстрацияларга чыгып, согушка каршы позициясын билдирип келишкен.

Азыр болсо АКШ армиясы ыктыярдуу аскерлерден куралган. Френцелдин пикиринде, Саддам Хусейндин бийликтен кулатылгандыгы америкалыктардын Ирак конфликтине карата турумун бир аз жумшартты:

- Хусейн кылмышкер экенин бардыгы тең билет. Сен миң жолу пацифист болсоң да, Саддамдын кеткенине ыраазы болуш керек. Ушундан улам нааразылык бир аз басаңдады, - деп эсептейт экс-конгрессмен Билл Френцель.

Американын тарыхы боюнча профессор Лео Рибуффо саясатчынын айрым ойлоруна кошулат. Бирок Вьетнамдагы согушка каршы алгачкы массалык демонстрациялар 67-жылдары эле башталган деп ырастайт тарыхчы.

Башкача айтканда, Америка уруштун сазына батып, бул жаңжал оңойу менен тез эле бүтпөөрүнө америкалыктардын көзү жеткен мезгилде көбөйө баштаган.

Рибуффонун пикиринде, Ирактагы аскерий операцияга каршы чыккандар нааразылыктын башка формасын тандап алышкан:

- Согушка каршы кампания азыр шайлоо алдындагы саясий чаралардын алкагында жүрүүдө. Демонстрацияларга чыга турган, буга чейин чыгып жүргөн эл Керринин шайлоо өнөктүгүнө акчалай колдоосун көрсөтүп келатат.

Сенатор Керри ноябрдагы президенттик шайлоодо Буштун атаандашы болот деп күтүлүүдө.

Профессор дагы бир олуттуу нерсеге көңүл бурат. Мурдагы муун саясатка кызыккан, мобилдүү жаштардан турса, азыркылар геосаясий маселелерге көп көңүл бурушпайт. Заман өзгөрдү, коом да, жаштар да өзгөрдү. Андыктан аларды салыштырып да болбойт.

Соңунда айта кетели, эки эксперт тең Ирак жаңжалы жакын арада токтобосо, курман болгон америкалыктардын саны өсө берсе, Вьетнам согушу маалындагыдай массалык демонстрациялардын кайталанбашына эч ким кепил боло албайт дешүүдө.