Ж.Буш капаланганын айтты

АКШ президенти Ж.Буш америкалык аскерлердин ирактык туткундарды кордоп-зордоо фактыларына байланыштуу капаланып, намыстанганын айтты. Батыш Виржиния штатында сүйлөгөн сөзүндө Буш бирок андай ыплас кылык-жоруктар Иракта кызмат өтөп жаткан 200 миңдей америкалык аскерлердин баарын тегиз мүнөздөй албайт деп белгиледи.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Д.Рамсфелд Багдаддын четиндеги "Абу Грейб" түрмөсүнө күтүүсүз сапар менен барып кайтты. "Алдыда - куугунтукчул диктатордук режимден бардык диний агымдар менен улуттук тайпаларды урматтаган туруктуу коомго өтүүнүн дагы далай татаал жолдору күтүп турат", - деп сөз баштады Пентагондун жетекчиси. Ал дал ушул түрмөдөгү америкалык аскерлердин зордукчул аракеттери өтө жагымсыз кесепеттерге алып келгенине токтолуп, бирок алар да АКШнын Ирактагы максат-мүдөөсүн жокко чыгара албайт деп басым жасады.