«Рентогрупп» боюнча кылмыш иши козголушу ыктымал

БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясынын ишине байланыштуу айрым мамлекеттик кызматкерлерге карата кылмыш иши козголушу ыктымал. Бул тууралуу баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Юрий Свистов билдирди. Анын айтымында, баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын кылмыш иши козголгон айрым кызматкерлеринин ысмын укук коргоо органдары жакынкы күндөрү жарыя кылышы толук ыктымал. 1999-жылы "Рентонгрупп" компаниясы аталган мамлекеттик комиссияга векселдерди чыгаруу маселеси боюнча кайрылганда «биздин комиссия векселдерди чыгарбайт жана көзөмөлдөбөйт» деген жооп берилген. «Баалуу кагаздар комиссиясынын кызматкерлерине кылмыш иши эң ириде шалаакылык деген берене боюнча козголушу ыктымал» деп билдирди Юрий Свистов.