ЮНИСЕФ Украинада СПИД оорусунун эпидемиясы күч алып жаткандыгын эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун балдар корунун жетекчиси Кэрол Беламинин билдиришинче, учурда Украинада 250 миң киши ВИЧ-инфекциясына чалдыккан. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык 1997-2001-жылдары ВИЧ-инфекциясы ата-энесинен балдарга жуккан учурлар кескин көбөйгөн, ошондой эле кыз-келиндердин арасында оорулар көбөйүп баратат.

Кечээ Киевде сүйлөгөн сөзүндө Белами айым улуттук жана жергиликтүү лидерлерди оорунун таркашын токтотуу, анын ичинде баңги заттарын сайынгандардын СПИДге чалдыгышын азайтуу үчүн шашылыш чара көрүүгө чакырды.