ТЫШКЫ КАПИТАЛДЫ ТАРТУУГА КАНДАЙ ШАРТ КЕРЕК?

2004-жылдагы Дүйнөлүк экономикалык атаандаштыкка арналган изилдөөнүн жыйынтыгы 5-майда Лозанна шаарында жарык көрдү. Көлөмдүү изилдөөгө караганда экономикалык ишкердик үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө - Кошмо Штаттары. Акыркы кезде Россия, Ортолук жана Чыгыш Европада да бизнес чөйрөсү тез жакшырып барат. Бирок бу региондо демократия, шарданалык кеңири кулач жая элек. Тамыры терең коррупция тышкы капиталдын келүүсүнө кедергисин тийгизип жатканын изилдөөчүлөр чоң кемчилик катары белгилешет.
2004-жылдагы дүйнөлүк атаандаштык жөнүндөгү жылдык изилдөө 60 өлкөнү жана маанилүү экономикалык региондорду камтыйт. Чү дегенден айта кетчү нерсе, Кыргызстан, деги эле Борбор Азия мамлекеттери изилдөөнүн авторлорун кызыктырган эмес.

Долбоордун директору, профессор Стефан Жарелли “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда баа кандай көрсөткүчтөрдүн негизинде берилгени жөнүндө мындай дейт:

- Бүтүм экономиканын абалы, өкмөттүн ишинин натыйжалуулугу, бизнестин ийгилиги жана инфраструктура чөйрөсүндөгү изилдөөнүн негизинде жасалды. Аталган чөйрө өтө кенен болгондуктан, өлкөнүн тышкы инвестицияга ыңгайлуулугу, өкмөттүн бизнеске байланыштуу мыйзамдардын капылеттен алмашпай, туруктуу болуусун камсыздоосу жана бизнестин үзүрдүүлүгүнө окшогон айрым маанилүү чөйрөлөр алынды. Ошондой эле, эмгек өндүрүмдүүлүгү, жумушчулардын кесиптик даярдыгы, жумушчу күчүнүн кызыгуусу, акыр аягында, инфраструктура каралды. Биз классикалык инфраструктура эсептелген даңгыр жолдор менен темир жолдордун абалын жана технологиялык инфраструктураны да кылдат изилдедик.

Тизмектелип айтылган критерийлер боюнча атаандаштык же ишкерлер үчүн шарты эң мыкты деп АКШ, Сингапур жана Канада табылган. Россия 50, Түркия 55-орунда.

Профессор Жареллинин сөзүнө караганда Евробиримдикке жаңы кошулган 10 өлкө тышкы капитал үчүн арзан жумуш күчү менен кызыктуу:

-Бул өлкөлөр инвестиция үчүн өтө ыңгайлуу. Себеби, аларда жумуш күчү орто европалык баадан бир кыйла арзан. Ошон үчүн, биз инвестиция Батыштан Чыгышты көздөй агылат деп күтүп жатабыз.

Батыштын өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрүндө жумушчуга бир саатта орточо 20 доллар төлөнсө, Германияда 30 долларга жетет. Польша менен Мажарстанда бул көрсөткүч 3 долларга жетпесе, Балтия өлкөлөрү менен Словакияда 2 долларга барабар.

Европа менен жарыша эле Россия жана Азия өлкөлөрү атаандаштык үчүн шартты жакшыртуунун катуу далалатын кылышууда. Стефан Жареллинин мүнөздөшүнчө:

-Биринчи айлампада, менин оюмча, Ортолук Европа, Борбор Азия жана Россияга инвестиция салууга умтулган көптөгөн компанияларды көрөбүз. Анткени аларда жумуш өтө арзан. Экинчи айлампада - балким, жакынкы 5–10 жылдын ичинде региондо айрым жергиликтүү компаниялар пайда болот. Бу компаниялар 20-30 жыл мурдакы Япония сыяктуу, дүйнөлүк рыноктогу өз орду үчүн күрөшө башташат.

Бул өлкөлөргө инвестиция, арийне, Европа менен АКШ сындуу демократиялуу коом түзүлүп, жарандык коом эркин аракеттенген өлкөлөрдөн келет.
Бийликтер үчүн өндүрүштүк жана тейлөө секторлорун модернизациялоого зарыл капиталды сырттан тартууга саясый жана этникалык проблемалардан тышкары коррупция да бөгөт болот дейт профессор Жарелли:

-Бизнес, жалпысынан алганда, дос чөйрөгө көп муктаж эмес. Ишкерлер коррупциясы жок ачыктыкты, аларга келээрки жылдарды туура пландаштырууга зарыл мыйзамдуулук туруктуу өкүм сүргөн чөйрөнү каалашат. Ушул эки жагдай бар болсо, өлкө тышкы капитал үчүн өтө кызыктуу болот.

Профессор Жаррели - 2004-жылдагы Дүйнөлүк экономикалык атаандаштыкка арналган изилдөөнүн жетекчиси.