2005-ЖЫЛЫ БИЙЛИК АЛМАШАБЫ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, Кыргызстанда үч күндүк иш сапары менен болгон америкалык миллиардер Жорж Сорос 27-апрелде маалымат жыйынын өткөрдү. Ал мамлекет башчы Аскар Акаев менен келээрки президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшкөндүгүн айтып, «менин оюмча, Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпайт” деген пикирин билдирди.
2003-жылы февраль айында өткөн референдумда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган. Жарымынан көбү өзгөргөн Башмыйзамдын негизинде президент Аскар Акаевдин кезектеги президенттик шайлоого катышууга укугу барбы деген күмөн сөздөр айтыла баштаган. Буга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко кайрылып, «Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясына ылайык 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу барбы?» деген суроо койгон. Дүйшөн Чотоновдун мындай суроосуна азырынча Конституциялык сот жооп бере элек.

Байкоочулардын пикиринде, соңку мезгилдери АКШ жана айрым батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык 2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашышын ачык эле айта башташты. Маселен, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга иш сапары менен келген Еробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттен Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын жана муну менен ал аймактагы демократиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн билдирген.

Ушундай эле пикирин буга чейин АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Элизабет Жоунс жана АКШнын кыргызстандагы элчиси Стивен Янг да билдирген.

Апта башында Бишкекте болгон америкалык миллиардер Жорж Сорос да журналистер менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын мамлекет башчысы келээрки президенттик шайлоого катышпайт деп ойлой тургандыгын билдирди. Ал эми Аскар Акаев өткөн жылы коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда келээрки шайлоого катышуусуна Башмыйзам жол бербей тургандыгын айткан.

Ошондой болсо да айрым саясатчылар Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышпаарына ишенишпейт. Маселен, "Асаба" партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров «Аскар Акаев 2005-жылга чейин референдум аркылуу өлкөнүн Башмыйзамын өзгөртүү менен бийликте калат» деген пикирде:

- Биз Аскар Акаевге ишенбей калганбыз. Мен сыяктуу эле ага Кыргызстандын элинин көпчүлүгү ишенбейт. Менин оюмча, Акаев президенттик шайлоо боюнча соңку чечимге келе элек. Ал эки нерсе боюнча ойлонуп, башын оорутуп отурат. Тагыраак атканда, ал мураскорумду калтырып бийликтен кетсемби же референдум аркылуу өзүмдүн бийлик мөөнөтүмдү жылдырсамбы деп ойлонууда. Акаевдин колунда Конституциянын 96-беренеси бар. Ал беренеге ылайык Акаев үч жүз миң шайлоочунун демилгеси менен Башмыйзамды дагы бир жолу өзгөртүп, бийликте кала алат.

«Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын" ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, учурда Аскар Акаевдин эл арасында кадыр-баркы жогору жана ал референдум аркылуу өлкөнүн саясий түзүлүшүн өзгөртүү жолу менен бийликте кала алат:

-Биз эл арасында сурамжылоо жүргүзүп жүрбөйбүзбү. Аскар Акаевдин эл арасында кадыр-баркы жогору. Маселен, өткөн жылкы референдумда деле Аскар Акаев биз күн мурунтадан бергендей шайлоочулардын добушун алды. Ушул өңүттөн алганда Аскар Акаев Башмыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкаруу ыкмасын киргизүү менен бийликте кала алат. Бул - мыйзамдуу жол болот.

Жогорудагыдай пикирге «ЭрК» партиясынын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов макул эмес:

-Бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү саясий абалга жана турмуш чындыгына көз жүгүртсөк, Аскар Акаев рефрендум жолу менен бийлик мөөнөтүн узарта албай калды. Анткени Аскар Акаевдин ресурсу түгөнүп бүтүп, элдин чыдамы жетээр чегине жетти. Менин оюмча, Аскар Акаев Аксы окуясына чейин өзүнүн мураскерин дайындаса болот эле, бирок ал мезгилден да өтүп кетти. Азыр анын татыктуу мураскери жок жана ал койгон мураскер өлкөнү башкара аларына эл ишенбейт.

Ошентип, Жорж Соростун Кыргызстанга болгон иш сапарынан соң Аскар Акаевдин 2005-жылдан кийин да бийликте калышы, калбашы тууралуу түрдүү пикирлер кайрадан айтыла баштады. Чындыгында эле, Акаев бийликтен кетеби же Башмыйзамды дагы бир жолу өзгөртүп бийликте калабы - аны убакыт көрсөтөт.