Иордан Израилдин жаңы планын эларалык тынчтык планы менен чогуу ишке ашырууга чакырууда

Иордандын тышкы иштер министри Марван Муашер Вашингтондо АКШнын мамкатчысы Колин Пауэлл менен сүйлөшкөндөн кийин билдирүү жасады:

- Израилдин Газа тилкесинен аскерлерин алып кетүү планы андан чоң аракеттердин чегинде ишке ашырылышы керек, - деди Иордандын тышкы иштер министри.

Мунун алдында Иордандын падышасы Абдулла АКШнын президенти менен жолугушуусун белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырган эле. Өткөн аптада Буш Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун планына колдоо билдирген. Планда Газа тилкесинен жана Батыш жээктин айрым аймактарынан Израилдин кетиши каралган, ошол эле убакта палестиндер талашкан Батыш жээктин айрым жерлеринде жөөт айылдары сакталып калмакчы.