«Энесай» гезитинин башкы редактору боштондукка чыгарылды

БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын уруксатына ылайык учурда Юстиция министрлигинин тергөө абагында жаткан «Энесай» гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленовго карата баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, боштондукка чыгарылды. Буга Эл өкүлдөр жыйынынын бир нече депутатынын Бахпурбек Аленовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу Башкы прокуратурага жолдогон кайрылуусу себеп болду. Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Мырзаалын Осмонкуловдун айтымында Бахпурбек Аленов эми бошондукта жүрүп, тергөө ишине катышат. «Энесай» гезитинин башкы редактору Б.Аленов үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Тайырбек Сарпашевдин агасы Эмир Сарпашевден депутат тууралуу жазган макаласы үчүн 800 доллар акча талап кылган деген шек менен карамалган.