Иракта коопсуздук күчтөрү өлкөнүн эгемендигин камсыз кылууга даяр эмес

АКШнын Ирактагы баш өкүлү Пол Бремердин мындай билдирүүсүн АКШ баштаган коалиция жарыялады. Билдирүүдө "30-июнда Ирактын өкмөтү өлкөдөгү бийликти өз колуна алгандан кийин, ирактыктар коопсуздукту өздөрү камсыздай албайт" деп айтылат.