Төрага төрт жылдын жыйынтыгын чыгарды

БИШКЕК. 15-апрелде Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев маалымат жыйынын өткөрүп, төрт жылдан бери палата жасаган иштин жыйынтыгын чыгарды. Эркебаевдин айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйынынын экинчи чакырылышы биринчи чакырылышына караганда натыйжалуу иштеди. Маселен, биринчи чакырылыштагы палата төрт жылдын ичинде 416 мыйзам кабыл алса, азыркы палата 664 мыйзам кабыл алган. Бирок президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишинин натыйжасыздыгына байланыштуу сынын төрага туура деп баалап, ошол эле кезде мыйзам долбоорлордун кабыл алынышына өкмөт көбүн эсе тоскоолдук жасап жатканын белгиледи. Төрага келечектеги шайлоолорго токтолуп, парламент ага байланыштуу мыйзамдарды кабыл алды, ошондуктан өлкө шайлоого даяр деп билдирди.