Президент Жорж Буш ЦРУнун докладына маани берилген эмес деген айыптоону четке какты

Жорж Буштун сөзүнө караганда, документте 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттар жөнүндө эскертүү жок болчу. Мазмунун Ак үй өткөн ишембиде ачыктаган ал докладды АКШнын Борбордук чалгын кызматы президентке 2001-жылдын алтынчы августунда, Нью-Йорктогу жана Вашингтондогу террордук чабуулдардан бир ай мурда берген. Анда "ал-Каида" мүчөлөрүнүн америкалык учактарды айдай качуу ниети бар экени тууралуу айтылган. Прездент Буштун администрациясы документте жаңы маалыматтар камтылган эмес деп эсептейт.