"Хамастын" жаңы жетекчиси Жорж Бушту "Алланын жана исламдын кас душманы" деп жарыялады

- Биз АКШнын президенти Алланын душманы экенин билебиз. Ал - исламдын жана мусулмандардын душманы. Америка Аллага согуш жарыялады. (Израилдин премьер-министри Ариэл) Шарон Аллага согуш жарыялап жатат. Алла Америкага, Бушка жана Шаронго согуш жарыялайт, - деди Рантиси.

Ал мындан дээрлик бир жума мурда палестиндердин "Хамас" уюмунун руханий жол башчысы Ахмед Ясин Израилдин ракетасынан каза тапкандан кийин, уюмдун жетекчилигине келген эле.