КӨҢҮЛ ОТУН ЖАНДЫРГАН ШАЙЫР

Азыркы жаш ырчы, аткаруучу, комузчулардын ичинен Атайдын, Мусанын, Токтогулдун жана башка элдик шайырлардын музыкалык мурастарын ардактап, калк арасына жайылтып келе жаткан таанымал жаш ырчы, комузчу, кыл кыякчы, чоорчу, ооз комузчу - Бакыт Шатенов.
Көк иримдүү Ысыккөлдүн жээгине жакалай жайгашкан Григориевка айылында туулган Бакыт Шатенов көкүрөгүн көтөрүп көк чыбыктан ат мингенден ырга, күүгө ышкысы артат. Ырлар ырдалып, күүлөр чертилген "Манас" айтылган жерден калбайт. Мектеп босогосун аттагандан Бакыттын музыка дүйнөсүнө болгон кумарлануусу артат. Комуз черткенди үйрөнөт, анын коштоосунда ырдайт. Бакыт эр жетип, боз улан аталгандан Атайдын, Мусанын лирикалык ырларын бирде түтөй, бирде жалбыртай жана ырдайт.

Бакыт райондук, облустук кароолорго, фестивалдарга катышат. Орто мектепти бүтөөрү менен Бишкектеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында кыл кыяк классында окуйт. Жоокерчиликтин милдетин өтөөрүү менен үзүлгөн окуусун улантат. Аны бүтөөрү менен Б.Бейшеналиева атындагы өнөр институтуна кирет. Бакыт музыкалык орто окуу жайында, институтта окуп жүргөндө кыргыздын залкар шайырларынын чыгармаларын угат. Аларда ырдайт, күүлөрдү чертет. Айтылуу элдик музыканттардын чыгармалары Бакыттын шык-учкунунун жаркырап жанышына, бүгүнкүдөй телегейи тегиз, ар тараптуу, көп жактуу шайырлардан болуп чыга келишине өзгөчө кимдердин чыгармалары таасир эткени жөнүндө ал мындай деди:

- 1978-жылы Бишкектеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кирип окуй баштагандан тартып залкар комузчулар, кыл кыякчылар Токтогулдун, Муратаалынын, Шекербектин күүлөрүн, обончулар Атайдын, Мусанын ырларын уктум. Алардын күүлөрүн чертсем, ырларын ырдасам деген таттуу кыялдарга баттым. Менин бүгүнкүдөй ырчы, комузчу, кыл кыякчы болушума улуу шайырлардын чыгармалары күчтүү таасир этти, мектеп болду деп ойлойм.

- Бакыт мырза, ал эми сахнага алгачкы жолу ырчы, комузчу, кыл-кыякчы-аткаруучу катары качан чыгып, элге тааныла баштадыңыз?

- 1988-жылы Республиканын эмгек сиңирген артиси, маркум Чалагыз Исабаев азыркы "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблин уюштурду. Мени топто иштөөгө чакырды. Кыл кыякта ойнодум. Эки-үч жыл өткөндөн кийин кыл кыякты тартуу менен бир эле мезгилде комуздун коштоосунда ырдай баштадым. Ошентип, бара-бара элге таанылдым.

Шатеновдун өздүк репертуарынын өзөгүн Атай Огомбаевдин, Муса Баетовдун, Бектемир Эгинчиевдин, Токтогул Сатылгановдун жана башка обончулардын лирикалык ырлары, элдик секетбай, күйгөндөр түзөт. Ал ар бир ырга өзгөчө көңүл бөлүп, угармандарга жеткендей аваздык көркөм түстөрдө, бүтүндөй жан дүйнөсү менен бериле эргий аткарат. Айрыкча Атайдын "Ой, булбул", "Күйдүм чок", "Гүл", "Жаштарга" аттуу ырларын уккандардын көңүл отун жандыргандай мукамдуу жалындуулукта ырдайт.

Шатенов Атайдын ырларын артыкча кумарлануу ырдоо менен, күүлөрүн да табына чыгара чертет. 2001-жылы Огомбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган "Талас таңшыйт" эларалык телефестивалында Атайдын ырларын ырдоо, күүлөрүн чертүү боюнча эч кимге караандатпай, баш байге "Волга" маркасындагы жеңил автоунааны утуп алат.

"Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей Бакыт 15-жылдан бери Кыргыз филармониясынын "Камбаркан" этнографиялык тобунда иштеп келет. Ал иштеген тобу менен жана жеке өзү Түркияда беш, Германияда алты, Жапонияда, Америкада эки жолу, Англияда, Малайзияда, Италияда, Кореяда гастролдо болду. Бакыт чет өлкөлөргө комуздун, кыл кыяктын коштоосунда ырдоо менен күүлөрдү да чертет. Бир эле мезгилде ал ооз комузду, кубулжута кагып, жыгач ооз комузду шолоктото кагат. Кала берсе байыркы чопо чоорду, чогойно чоорду да созолонто ойнойт.

Шатеновдун соңку жылдарда ырдаган ырларынын ичинен Бектемир Эгинчиевдин "Айнагүл", Абдыкалый Темировдун "Ак маңдай", Муса Баетовдун "Даанышман", "Ойгоном", "Кыздар ай", Экия Мукамбетовдун "Кыялдануу" аттуу жана башка лирикалык ырларын угуучулар урматтап угушкандай чеберчиликте аткарууга жетишет. Аталган ырлардын ичинен Шатенов Бектемир Эгинчиевдин "Айнагүлүн" ырчы Ормонбек Асановдон кем ырдабоого, ага өзгөчө аваздык боёк, бөтөнчө түс берип аткарганга аракеттенген.