Тайванда бүгүн массалык демонстрация болуп өттү

Аламан жыйынга чыккандар президенттикке талапкер, оппозициянын өкүлү Лен Чанга колдоо билдиришти. Аралда 20-марттагы шайлоодо Лен Чан мамлекет башчысынын мандатын бийликтеги президент Чен Шуйбян менен талашат. Азыркы президент аралдын Кытайдан толук көз карандысыз болушун жактайт, оппозициялык талапкер бул маселеде кыйла байистүү позицияда турат.