ОТУН-КУБАТЫ ТАРМАГЫНЫН АБАЛЫ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУ ӨТТҮ

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайын өнүктүрүү жана ишкерлик боюнча комитети өлкөнүн отун-кубаты тармагынын абалы боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Ага депутаттар, энергетика тармагынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Коомдук угуунун башталышында Өнөр жай жана ишкерлик боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Рустанбеков өлкөнүн отун-кубат тармагынын абалы боюнча кыскача маалымат берип, анда тармак системалык кризистик абалда деп баалады. Рустанбеков өз сөзүндө «электр тармагын бытыранды кылып менчиктештирүү ушундай абалга алып келди» деген пикирин билдирди.

Коомдук талкуунун жүрүшүндө коомчулуктун өкүлдөрү негизинен жер-жерлерде электр энергиясынын өчүрүлүшү, калктан мыйзамсыз акча жыйналышы жөнүндө маалыматтарды беришти. Маселен, Нарын шаарынын тургуну Айнура Темирова мындай маалыматты ортого салды:

- Менин атам-энем Атбашы районунда Атбашы айылында турушат. Алар пайдаланган электр кубаты үчүн акыны дайыма өз убагында төлөп турушат. Ошого карабастан Атбашыда электр дайыма өчүрүлөт. Ар бир үйбүлөдөн төлөгөн-төлөбөгөнүнө карабай 200 сомдон жыйнап жатышат. Аны төлөбөсөң өчүрүп коет. Айылдарда алты-сегиз сааттан электр өчүрүлөт.

Бул пикирге президенттин электр тармагы боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев мындай жооп берди:

- 200 сомдон жыйноо фактысы болсо – ал текшерилиш керек. Мен айтып койоюн, бардыгы төлөп жатат деп сиздер айтып жатасыздар, биздеги маалыматтар тескерисинче. Маселен, 1-февралга карата Нарын облусу боюнча карыздардын суммасы 223 миллион сом болду. Бүгүнкү барган электр энергиясынын 20% үчүн гана акча төлөнүп жатат. Бул жагын да ойлонуп коюшубуз керек.

Президенттин өкүлү өлкөнүн энергетика тармагын сактап калуу үчүн баары пайдаланган электр кубаты үчүн өз убагында төлөшү керек деп билдирди.

Коомчулуктун бир катар өкүлдөрүн электр кубатын керектөөчүлөр менен энергетиктердин ортосунда түзүлө турган келишим кызыктырды. Энергетика боюнча агенттиктин төрагасынын орун басары Акылбек Түмөнбаев андай келишимдин долбоору керектөөчүлөрдүн талабы менен толукталып, иштелип жатканын билдирди.

Ал эми «Электр станциялар» акционердик коомунун башкы директору Зарылбек Дордоев энергетика тармагын башкаруу системасында мүчүлүштүктөр арбын деген оюн ортого салды:

- Энергетика тармагын башкаруу боюнча азыркы структура тап-такыр канааттандырарлык эмес. Мен «Электр станциялар» ишканасынын жетекчиси катары айтсам, биз бир нече органга баш ийебиз. Маселен, энергетика боюнча мамлекеттик агенттикке, экономика министрлигине, энергетика тармагын тейлеген вице-премьер-министрге, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетине, президенттин энергетика боюнча атайын өкүлүнө. Кээде ушулардын баарынын суроо-талаптарына жооп жазып эле убара болуп отурабыз. Ошондуктан айтаарым, энергетика тармагын башкаруу системасын өзгөртүп, аны бир органга баш ийүүсүн камсыз кылуу керек.

Дордоевдин айтымында, эгерде энергетика компаниялары аласаларды топтой албаса Дүйнөлүк банк электр кубатына бааларды көтөрүү талабын койо баштайт. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев учурда акча топтоо жагы өткөн жылга салыштырмалуу дурус жагына оогонун белгиледи. Маселен, өткөн февраль айында 81 миллион сом нак акча жыйналса, быйылкы жылы февралда 141 миллион сом топтолду. Натыйжада дебитордук карыздын көлөмү 2.5 миллиард сомдон 1 миллиард 800 миллион сомго төмөндөгөн. Бирок кредитордук карыздын көлөмү 3 миллиард сомдун тегеринде калууда.

Мына ушундай талкуулардын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда өлкөнүн энергетика тармагын көз карандысыз экспертизадан өткөрүү үчүн Орусиядан адистерди чакыруу, энергетика тармагына байланыштуу, анын ичинде «Токтогул каскадындагы электр станцияларынын жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу тууралуу» мыйзамга тез арада өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү парламентке сунушталды. Эми дагы он күндөн кийин бул маселе боюнча парламенттик талкуу өткөрүлмөкчү.