Айрым аймактарда кар көчүп, сел жүрүшү күтүлүүдө

БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү күчөтүлгөн эрежеде иштөөнү улантууда. Мындай тартипте иштөө өкмөт башчысынын буйругуна ылайык 5-марттан тарта киргизилген. Гидрометеорлогиялык борбордон бүгүн алынган маалыматка караганда, 8-9-10-март күндөрү Ош, Баткен, Жалалабад, Талас жана Чүй облустарынын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүп, сел жүрүшү мүмкүн. Ал эми Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында кар көчкүнүн жүрүшү болжолдонууда. Буга байланыштуу 10-мартка чеийн Бишкек-Ош жолу унаа үчүн эртең мененки саат 6дан кечки саат 7ге чейин гана ачылууда. Өткөн аптада премьер-министр Николай Танаев Ош, Баткен, Жалалабад, Талас жана Чүй облустарынын администрация башчыларына күтүүсүз кырдаалга карата даярдыктарды көрүп, калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырган.