КЫРГЫЗ ИШКЕРЛЕРИНИН АЛДЫНДАГЫ ЖАСАЛМА ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖОЮУ ЖОЛДОРУ ТАЛКУУЛАНУУДА

Чолпон Орозобекова, Бишкек Ысыккөл жээгинде туризмди өнүктүрүү боюнча семинар- кеңешме, аны менен катар кыргыз экономикасындагы ишкерликке карата жасалма тоскоолдуктарды жоюу боюнча тегерек үстөл өтүүдө. Вице- премьер министр Жоомарт Оторбаев жана эл аралык адистер катышкан бул жыйындар ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүүгө огожо болоор бекен?
5-март күнү түшкө чейин болгон Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү тууралуу семинар-кеңешмеге вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев өзү төрагалык кылды. Жыйында ушул жылы 7-февралда президенттин катышуусу менен болгон өкмөттүн жыйынында коюлган маселелердин турмушка ашышы тууралуу сөз болду. 2003-жылкы туристтик сезондун жыйынтыгы, үстүбүздөгү жылы кандай күндөр күтүп турат, бул тармак салык жүгүн көтөрө алабы деген өңдүү маселелер ортого коюлду.

Ал эми кечээ ачылган Кыргыз экономикасындагы ишкерликке тоскоолдуктарды жоюу жөнүндөгү тегерек үстөл бүгүн, 6-мартта, өз ишин улантат. Ага катышып аткан «Кыргыз концепт» компаниясынын башчысы, ишкер Эмил Үмөталиев “Азаттык” үналгысына буларды айтты.

- Ишкерлер «буга (жекече ишкерлердин ички маселелерине) киришпегиле» десе, «жок, көзөмөл керек» деп өкмөт чыгып, акыр ортодо чыр-чатактарыбыз көбөйүп кеткен. Ошондуктан ишерлер менен өкмөт принципиалдуу маселелерди өз ара талкуулашып чечип алганыбыз оң эмеспи. Көзөмөлдөн качуу («де-регулирование») кыргыз экономикасынын өнүгүшү үчүн ролу чоң маселе. Ошондуктан бул жаатта мыйзамдар такталып, ушундай жыйындар аркылуу суроолорго чекит коюп алышыбыз абзел.

Көл боюндагы «тегерек үстөлгө» вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Ысыккөл дубанынын акими (губернатору) Токон Шайлиева, «ПРАГМА» корпорациясынын башчысы Келли Сиболд жана айрым министрлердин орун басарлары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. «Тегерек үстөл» ушул кечте өз ишин аяктайт.