НАТОнун КЕҢЕЙИШИНЕ МАСКӨӨ ДАГЫ ЭЛЕ КАРШЫ

Нарын АЙЫП, Прага 2-апрелде Брюссел шаарында НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот жана ага жети жаңы мүчө-өлкөнүн министрлери алгачкы жолу толук кандуу мүчөлөр катары катышат. Жети жумурият уюмга кошулууга 2002-жылдын ноябрында чакыруу алган жана кээ бир байкоочулардын пикиринде, эми алардын аймагында НАТОнун аскерий түзүлүштөрү жана аскерлери да жайгаштырылышы мүмкүн. Ага Маскөө каршы чыгууда.
2002-жылдын 21-22-ноябрында Прага шаарында өткөн НАТОнун бийик жолугушуусунда уюмга мүчө болуп кирүүгө Болгария, Латвия, Литва, Словакия, Словения, Румыния жана Эстония чакыруу алган. Андан бери бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен парламенттери ал чакырууну кабыл алып, бекитти. Ошондуктан Брюсселде өтө турган жыйынды кээ бир эксперттер жаңы НАТОнун алгачкы жыйыны деп атап, 2-апрелди - жаңы мүчөлөрдүн уюмга кошулган күнү деп да айтууда.

1-мартта болсо Лондон шаарында жайгашкан атактуу "Жейнс" изилдөө тобу атайын макала жарыялап, анда аты аталбаган НАТО кызматкерине шилтеме кылып, 2-апрелден кийин үч айдын ичинде Словения менен Балтик жээгиндеги үч жумурияттын аймагында НАТО аскерлери жайгаштырылат деп жазып чыкты.

Орусиянын жетекчилиги окуялардын мындай өнүгүшүнө каршы экени белгилүү. Алардын айтымында, 1980-жылдардын аягында эки Алманиянын биригүүсүнө Михаил Горбачевду көндүрүү үчүн Батыш ага убада берип, НАТО уюму эч качан чыгыш тарапка кеңейбейт деп ишендирген. Анткен менен Алмания бирдиктүү мамлекет болгондон он жыл өтпөй, НАТОго Мажарстан, Польша жана Чехия мүчө болуп кирди. Эми болсо ага мурдагы советтик жумурияттар дагы кошулууда.

Маскөөдөгү Саясий технологиялар борборунун серепчиси Борис Макаренконун айтымында, 1996-жылы өткөн жыйында дагы НАТОнун жетекчилиги - Балтика жумурияттары НАТОго кошулса дагы, алардын аймагына НАТО аскерлери жайгаштырылбайт деп убада кылган:

- Ал мезгилде бул маселе көтөрүлгөн ар бир жыйында НАТОнун кызматкерлери бир гана жооп кайтарчу жана ал жооп НАТО менен Орусия ортосундагы мамилелер тууралуу келишимге да киргизилген. Жаңы мүчө-мамлекеттердин аймагына аскер жайгаштырбайбыз деп биз кескин айта албайбыз. Бирок ал өлкөлөрдө аскер жайгаштырууга себеп да, негиз да жок жана биз аны ачык билдирүүдөбүз деп айтылган.

Президент Владимир Путиндин жардамчысы Сергей Ястржембскийдин пикиринде, эл аралык террорчулукка каршы күрөштүн алкагында НАТО аскерлеринин Болгария же Румынияда жайгаштырылышын түшүнсө болот, бирок эмне үчүн андай аскерлер Балтика жумурияттарына керек экенин Маскөө түшүнбөйт.

Коргонуу маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Александр Гольцтун айтымында болсо, Орусия жөн гана кансыз согуш учурундагы адаттан арыла элек:

- Мындай жарыялар менен тынчсыздануулар көп айтылат жана алардын теги - расми түрдө эмне десе дагы, НАТО уюмун Орусия эмгиче шерик катары эмес, душман катары кабыл алып жатканын көрсөтөт. Орус аскерий жетекчилиги үчүн НАТОдон чыккан коркунучка каршы даяр болуп туруу алар үчүн жөн гана адат.

Алманиянын ДПА агенттиги 2-мартта билдиргенге караганда, эгер Балтика жумурияттарына НАТО аскерлери келсе, Белорустун аймагына Орусия эң жаңы үлгүдөгү коргонуу системасын жайгаштырууга даярданууда. НАТОго мүчө болуп кирүүгө Мажарстан, Польша жана Чехия даярданып жактанда дагы Маскөө Калининград дубанына чакан өзөктүк курал жайгаштырабыз деп коркуткан, бирок анткен эмес.