Михаил Саакашвили Азербайжанга иш сапары менен келди

БАКУ. Бүгүн Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Азербайжанга иш сапары менен келди. Ал президент Ильхам Алиев менен жолугуп Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аталган мунай кууру учурда кызуу курулуп жатат жана ал Каспийдин мунайын эларалык базарда сатууга шарт түзмөкчү.

Күндүзгү эларалык жаңылыктардын түрмөгүн даярдаган - Кубат Оторбаев, Прага