«Рентон групптун» аманатчылары нааразылык акциясына чыгышты

БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдына 500гө жакын аманатчылар нааразылык акциясына чыгышты. Алардын дээрлик баардыгы – улгайган адамдар. Аманатчылар мамлекет башчысы Аскар Акаев жаңы жылдык элге кайрылуусунда, алданган атуулдардын акчасын эки айдын ичинде кайтартып берүүгө убада берип, ал эмдигиче аткарылбай жаткандыгын айтышты:

- Президенттин сөзү бизде кандайдыр бир нерсеге турабы же жокпу?. Эмне үчүн мамлекеттик чиновниктер президенттин сөзүн аткарбай жатышат. Биздин өлкөдө карапайым эл айткандай, өлкө жетекчиси барбы же жокпу, - дейт алданган атуулдардын демилгелүү тобунун жетекчиси Татьяна Дагазиева. Топтолгон эл менен жолугушууга өкмөттүн коопсуздук жана тартип коргоо органдар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Дулат Маатов чыкты. Ал «Рентон групп» боюнча учурда териштирүү жүрүп жаткандыгын айтып, жакында жыйынтык чыгарыла тургандыгын маалымдады. 1997-жылы Юстиция министрлигинен ырасмий каттоодон өткөн «Рентон групп» ишканасынын жетекчилиги карапайым элдин 260 миллион сом акчасын алып, өткөн жылы чет өлкөгө качып кеткен.