БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп, анда эркин экономикалык аймактардын иши, калкты жумуш менен камсыздоо жана айыл чарба кредиттерин кайтаруу маселеси каралды. Жыйында «Нарын», «Каракол» эркин экономикалык аймактарынын ишмердүүлүгү сынга алынды. Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева «Каракол» эркин экономикалык аймагы коррупциянын уюугу болуп калды»,-деп аны жабууну сунуштады. Премьер-министр мындай чечим кабыл алаардан мурун терең иликтөө зарылдыгын билдирди. Натыйжада, маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө «Каракол» жана «Нарын» эркин экономикалык аймактарынын жетекчилери кызматтан алынганы маалым болду.