ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ ӨКМӨТТҮ КЫЗМАТТАН КЕТИРДИ. БУЛ КАДАМДЫН АРТЫНДА ЭМНЕ СЕБЕП ТУРАТ?

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Михаил Касяновдун өкмөтүн кызматтан кетирди. Бул кадамды ал орус өкмөтүнүн начар иштеп келгендигинен улам эмес, 14-марттагы президенттик шайлоодон кийинки болочокку саясатка байланыштырып жасаганын айтты. Айрым серепчилер Путин өзүнүн жеңээринен шектенбестигин жана бул кадам аркылуу өзүнүн болочокку мураскору катары буга чейинки премьерди санабагандыгын айгинелетти деп баалашууда.
Февралдын 24үндө президент Владимир Путин бүткүл орусиялыктарга сыналгы аркылуу кайрылып, премьер-министр Михаил Касяновдун өкмөтүнүн эмне үчүн капысынан кызматтан кетирилгенин мындайча түшүндүрдү:

- Бул чечим өкмөттүн мурдагы курамынын иш-аракетинин жыйынтыгына карата баа менен байланыштуу эмес. Анын ишин жалпысынан канааттандырарлык деп санайм. Бул чечим 2004-жылдын 14-мартынан кийин өлкөнүн өнүгүү багыты кандай болоору жаатында өз турумумду дагы бир жолу аныктап коюу ниетимен улам жасалды.

Путиндин оюнча, эгерде ал кайрадан президент болуп шайланчу болсо, анда ал жүргүзө турган иштердин кыйла бөлүгүн жаңы багыттагы өкмөт аркалоого тийиш:

- Бардык мамлекеттик жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашыруу түздөн-түз өкмөткө багыныңкы. Ошондуктан азыртадан эле, шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгын күтүп отурбастан эле жогорку аткаруу бийлигинин курамы тууралуу билдирүүнү туура деп эсептейм. Жаңы өкмөт өлкөбүздүн андан аркы өнүгүшү үчүн жоопкерчиликтин тийешелүү бөлүгүн өз мойнуна алууга тийиш.

Орус президентинин башка бир жардыгына ылайык, буга чейин вице-премьер министр кызматын аркалап келген Виктор Христенко мырзага өкмөт башчылыгынын милдети тагылды. Христенко эми бир аптанын ичинде аткаруу бийлигинин жаңы түзүлүшү жана курамы тууралуу өз сунушун президентке тапшырууга тийиш. Бул тууралуу президент Путиндин сыналгыдагы кайрылуусунда белгиленди.

Ал эми Федерация кеңешинин төрагасы жана президенттикке талапкер Сергей Миронов ИТАР-ТАСС агенттигине берген маегинде Касяновдун өкмөтүнүн кызматтан кетирилиши анын начар иш алып барганынан улам болду деген пикирин айтты.

Айрым серепчилер Владимир Путиндин бул кадамын анын жакынкы болочокто президент болуп кайра шайланып калса, анда биротоло жаңы өкмөттүн курамын сунуш кылуу, кайсы бир деңгээлде өзүнүн кийинки мураскору үчүн жаңы талапкерлерге жол ачуу аракети менен да түшүндүрүүдө. Орусиялык серепчи Игор Буниндин айтымында, Путин буга чейин эле Михаил Касяновду жактыра берчү эмес.

Ал эми 46 жашар экономист Виктор Христенко реформатор саясатчы катары таанымал. Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, ал да Михаил Касяновго окшоп Путинге мурдагы президент Борис Ельциндин доорунан “мураска келген” саясатчылардан.