БИШКЕК. Өкмөт март айында «Жаңы муун» мамлекеттик программасынын аткарылышы боюнча отчетту карайт. Аталган программа президенттин жардыгы менен 2001-жылы кабыл алынган. Анын башкы максаты- кароосуз калган, окууга тартылбай калган балдардын санын азайтуу, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү багытындагы иш-чараларды координациялоо. «Жаңы муун» программасына ылайык, кароосуз калган, окууга барбаган балдардын маселелери боюнча Билим берүү, Саламаттык сактоо, Ички иштер, Эмгек жана социалдык коргоо министрликтерине, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетке, жергиликтүү администрациялар менен өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылган. «Жаңы муун» мамлекеттик программасынын координатору Курманкул Жумалиевдин маалыматына караганда,азыр Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 16 миңге жакын. Өткөн окуу жылында болсо республика боюнча 20 миңге жакын өспүрүм окууга барбай калган. Ал эми Билим берүү министрлиги 2003-жылы 1400дөй бала мектепке барбай калгандыгын эсепке алган.