Депутаттык комиссияга тоскоолдуктар жасалууда

БИШКЕК. Өлкөнүн энергетика тармагын комплекстүү текшерүү максатында өткөн жылдын аягында түзүлгөн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттык комиссиясынын ишине жер-жерлерде тоскоолдуктар жасалууда. Комиссиянын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тийиштүү каржы да бөлүнө элек. Бул тууралуу аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Жаныш Рустанбеков 13- февралда билдирди. «Биз электр энергиясынын тариф саясатын, Россия, Казакстанга энергия экспорттоодон Кыргызстанга пайда түшпөй жатышынын себебин да иликтейбиз» дейт Рустанбеков. Кыргызстан ГЭСтери иштеп чыккан бир киловатт электр энергиясынын наркы 2 тыйын, бирок элге дээрлик бир сомдон сатылууда. «Коңшу мамлекеттерге болсо 25-40 тыйындан сатылууда» дейт Жаныш Рустанбеков.