Төрөкул Дооров, Москва Орусияда ыктымал болуучу теракттардан жана учактарда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында ички иштер министрлиги «авиациялык шерифтердин», башкача айтканда, күзөтчүлөрдүн топторун түзүү демилгесин көтөрүүдө.
Өткөн аптада Моквадагы метродо болгон ири жардыруудан кийин Орусиянын күч структураларынын ишмердүүлүгү маалымат каражаттары жана жалпы коомчулук тарабынан кескин сындала баштады. Бул көрүнүштү айрым байкоочулар федералдык коопсуздук кызматында жана ички иштер министрлигинде тамырын кенен жайган коррупция менен да байланыштырышты. Эми аталган органдар кетирилген катаны жоюу аракетине астейдил киришкендей көрүнөт.
Дүйшөмбү күнү Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Чекалин «Домодедово» аэропортунда пресс-конференция өткөрүп, министрлик тарабынан коомдук коопсуздукту коргоодо жасалып жаткан иштерге кайрылды. Негизги көңүл өлкө ичинде жана эларалык учактарда жүргүнчүлөр менен кошо атайын министрликтин тобу уча тургандыгына бурулду.
«Ар бир учакта 2-3 авиа-милиционерден турган куралчан топ болушу керек. Алар абада болуучу кылмыштын алдын алып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылышы зарыл,” - дейт Александр Чекалин. Анткени, анын айтымында, былтыркы эле жылда Орусиянын аба транспорторунда 5178 кылмыш болупгон. Кылмышкерлердин көпчүлүгү аэопорттордун укук коргоо кызматтарынын шалаакылыгынан пайдаланышкан.
Бул жаңылыкты коопсуздук проблемасы боюнча айрым аналитиктер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун коргоодо реалдуу жыйынтык бербей турган аракет катарында таанышты.
Улуттук коопсуздук жана стратегиялык изилдөөлөр институтунун өкүлү Владимир Кумачев теракттардын алдын алууда укук коргоо органдарынын чамасы өтө эле чектелүү деп ойлойт. «Жардыруулардан жана түрдүү теракттардан кийин гана коопсуздук тууралуу кыйкыра бербестен, алардын жаралуу тамырын терең изилдөө керек. Мисалы, атайын кызматтар террористтик уюмдарга өздөрүнүн адамдарын, башкача айтканда, тыңчыларын жөнөтүп көрүшсө деле болмок», - дейт Владимир Кумачев:
- Эгерде теракт алдын ала жакшы даярдалган болсо, а бүгүн, негизи баардык эле таракттар мыкты даярдалып жатат, анда жүргүнчүлөр менен бир учакта учуучу авиа-милиционерлер аны болтурбоо үчүн эч нерсе деле кыла алышпайт.
Ошол эле учурда, борбор калаада жардыруулардын токтобой, байма-бай кайталанып турушу авиакомпаниялар үчүн да зыян экендиги билинди. «Жүргүнчүлөрдүн саны акыркы жарым жылда барган сайын кыскарууда», - дейт Орусия илимдер академиясынын геостратегиялык көйгөйлөр боюнча секторунун жетекчиси Сергей Казеннов:
- Ошондуктан, мындай чаранын киргизилишинин өзү көп деле пайдалуу болбогону менен, жасалма жол менен жүргүнчүлөрдүн аң-сезимине коопсуздук тууралуу маалымат бере алат. Бүгүнкү күнү реалдуу турмушубузга виртуалдуу дүйнөбүздөн алып жаткан белгилердин таасири чоң. Демек, бул аракет жасалма болсо да, пайдасы бар.
Негизи, орусиялык авиа-кызматтарында аталган эреже алгачкы ирет киргизилип жаткан жок. 1970-жылдардын башында Советтер Союзунда да ушуга окшош «учактардагы укук коргоочулардын» топтору түзүлүп, аларды «Көгүш дивизия» деп аташканы белгилүү. Бирок, «Көгүш дивизия» өзүн актабай, чыгашалуу болгондон кийин, аны колдонуудан баш тартышкан болчу.