«Оң ордо» фракциясы «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам менен макул эмес

БИШКЕК. Депутаттар бүгүн кабыл алган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилм жөнүндө» мыйзамга байланыштуу эртең палатадагы «Оң ордо» фракциясынын депутаттары Оксана Малеванная менен Зайнидин Курманов маалымат жыйынын өткөрүшөт. Ал эми депутат Оксана Малеваннаянын бүгүн билдиргенине караганда, аталаган мыйзам толугу менен Конституциянын 5-жобосуна каршы келет. Депутат ошондой эле мыйзамдын кабыл алынышын «радикалдык оппозициянын жана мамлекеттик айрым чиновниктердин саясий кадамы» катары баалады. Анын айтымында, мамлекеттик чиновниктер мындай мыйзамды колдоо аркылуу президент Аскар Акаевге карата импичмент жарыяланышын шарттоодо. Фракция мүчөлөрүнөн айырмаланып, депутат Кабай Карабеков Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга каршы келээрин далилдөө үчүн дүйшөмбүдө Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын маалымдады. Жаңы кабыл алынган мыйзамда негизги талашты мамлекеттик чиновниктерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген 10-берене жаратууда.