Нью-Йорк шаарында бүгүн Кипр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Бүгүн Нью-Йоркто Кипр маселеси боюнча көп тараптуу сүйлөшүү башталды. Ага Кипрдин түрк жана грек жамааттарынын, андан сырткары Бириккен Улуттардын, Грекия, Түркия жана Улуу Британия өкүлдөрү катышууда. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, касташкан тараптар март айынын аягына чейин биригүү маселесин чечип алса жакшы болор эле: "Кипр элине кайрылып, мен алардын алдында Европа Биримдигине кошулаарда тарыхта чанда кездешкен мүмкүнчүлүк - биригүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонун эскертким келет. Эгер арал бириксе, Азия чөлкөмүндөгү дагы бир чыңалуу жоюлуп, андан Кипр элине гана эмес, бүткүл регионго пайда тийет, Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгү дагы жогорулайт". 1974-жылдан бери Кипр экиге бөлүнгөн жана анын грек бөлүгү май айында Европа Биримдигине кошулат.