КОНЙА ШААРЫНДАГЫ КАРГАШАДАН НАБЫТ БОЛГОНДОРДУН САНЫ 92ге ЖЕТТИ

Түркийанын Конйа шаарында болгон бөөдө кырсыкта курман болгондордун саны өсүп баратат. Куткаруу жумуштары улантылып жаткан кезде урандылардын астында али ондогон адамдар болгондугу болжолууда.
Мындан бир жумадай илгери Түркийанын Конйа шаарында 11 кабаттуу чоң турак үй урап түшкөндөн улам өлгөндөрдүн саны 92ге жетти. Курман айттын экинчи күнү келип чыккан бул бөөдө кырсык өлкөдө курулуш көзөмөлдөө системасындагы кемчиликтерди күн тартибине курч койуп, ошол эле учурда, кырсык маалында адам өмүрүн сактап калууда даысккан адистер тарабынан жүргүзүлчү куткаруу жумуштарынын канчалык чоң мааниге ээ екендигин дагы бир жолу тастыктады.

Бийлик чөйрөлөрү урап түшкөн үйдү тургузган курулуш фирмасынын эки кызматчысынын үстүнөн жазалоо кодексинин ‘камылгасыздык жана этийатсыздык менен адамдардын өлүмүнө жол койуу’ кылмыш иши камтылган 455-беренеси бойунча тергөө жумушун баштады. Конйа шаарынын башкы айыптоочусу Зафер Сипахинин басма сөзгө маалымдашынча, бөөдө кырсыктын себептерин иликтөө максатында Селчук Университетинен бири геолог болгон беш профессорго тапшырма берилген. Куйткаруу жумуштары али улантылып жаткандыктан, урандылардын баары алынып, имараттын пайдубалын ачканга чейин кандайдыр бир жыйынтыктоочу баяндама дайардалуусу мүмкүн эмес. Бирок, айрым адистердин алдын ала маалымдашынча, турак жайды куруу учурунда сапатсыз семент колдонуу, шагылдын ордуна майдаланган таш сыныктарын койуу, статикалык долбоордун шарттарын так аткарбоо өңдүү кечирилгис каталыктар кетирилген. Эгерде ырасмий иликтөөлөрдүн натыйжасында бул доолор тастыкталып чыга турган болсо, анда курулуш фирмасынын ишкерлери оор жазаларга өкүм этилиши ыктымал. Бирок азырынча бул жөнүндө так айтуу үчүн эртелик кылат.

Экинчи жактан, Түркийанын элинин, асиресе Конйа шаарынын тургундарынын жүрөгүн жеңилдеткен нерсе, бул — кийинки жылдардын ичинде катуу жер титирөө кырсыктарын баштан өткөргөн Түркийада атуулдук жана аскердик куткаруу жумуштарынын байсалдуу жүргүзүлө башташы болуп саналат.

Курман айттын экинчи күнүнөн бери, демек кырсык болгон күндөн тартып, жамаатташ шаарлардан жапырт жардамга ашыгып келген атуулдук жана аскердик куткаруу кошуундары күнү-түнү дебей үзгүлтүксүз иштешип, электрондук шаймандарды жана машыккан иттерди колдонуу аркылуу ондогон адамдардын өмүрүн сактап калышты. Мурдагы күнү, демек кырсыктан 6 толук күн өткөндөн кийин, алар электрондук тыңшоо шаймандарынын жардамы менен 16 жашар бир баланы урандылардын астынан сак-саламат алып чыгышты. Бүткүл эл бул жомоктогудай куткаруу жумушуна суктанып-таң калып жаткан кезде, кырсыктын 7-күнү 23 жаштагы бир айал жыт кубар иттердин жардамы менен табылып, ооруканага жеткизилди. Буту сынган бетондун астында узак убакытка калгандыктан, бутунун кан тамырларынын бүтөлүү коркунучунан улам, ал Анкара шаарындагы ГАТА ооруканасына шашылыш которулду.

Өмүрүн куткаруучулар сактап калган 16 жашар Мухаммед Калемдин ден соолугу жакшырып бараткандыгы, ал эми 23 жашар Йасемин Йапракчы айымдын жагдайы дагы эле оор бойдон кала берип жаткандыгы бүгүн маалымдалды.