Маселен, ага ылайык, мусулман кыздардын жоолукчан жүрүшүнө тыюу салынат. Документти эми парламент кабыл алса, быйылкы жаңы окуу жылынан (сентябрдан) тартып күчүнө кирмекчи. Аталган мыйзам көп талаш-тартыштардын чыгышын шарттады. Мусулмандар менен катар христиандар, жөөттөр да Франциянын өзүндө жана чет өлкөлөрдө нааразылык акцияларын уюштурушту. Бүгүн ондогон пакистандык аялдар Франциянын Исламабаддагы элчилигинин алдына пикетке чыгышты.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага