ЖЕРГЕТАЛДА КУРАЛЧАН ТОПТОР БАРБЫ?

Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев “Тажикстанда соңку учурда кызматтан кеткен айрым адамдар Жергетал аймагында куралчан топторду түзүүгө аракет кылып жатат. Анын каскагы Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтириши ыктымал” деген пикирин билдирди. Ошондон улам ал Улуттук коопсуздук кызматына “Кыргызстандын түштүгүндө коопсуздук чараларын күчөтүү керек” деген сунуш менен кайрылды.
Баяман Эркинбаев “Тажикстанда бийликке оппозициялык күчтөрдүн атынан келип, бирок президент Эмамоли Рахмоновдун акыркы буйруктарына ылайык кызматтан бошогон айрым өкүлдөрү Тавилдарадагы аскер базасына күч жыйнап жатат” деген маалымат таратты. Тавилдара - Кыргызстан менен чектеш Жергетал районуна жакын аймак.

- Генерал Саламшо, генерал Максимали, Искендер Шох бийликке нааразылыгын билдиришип, куралчан топторду чогултуп, келечектеги планын ойлонуштуруп жүргөн кези.

Баяман Эркинбаев мындай аракеттер күч алса Тажикстанда кайра ок атылып, адамдар набыт болгон алаамаат күндөр кайра келиши ыктымал дейт:

- Эгер Тажикстанда согушу оту тутана турган болсо, анын залакасы Кыргызстанга сөзсүз тийиши мүмкүн. Өткөндө мен Улуттук коопсуздук кызматына жана башка жооптуу аткаминерлерге да бул тууралуу айттым.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Тажикстандын Жергетал аймагында болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу кандайдыр бир маалымат тарата элек. Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Токон Мамытовдун айтымында, Тавилдарадагы кырдаалды эки мамлекеттин атайын кызматтары биргелешип иликтеп жатышат:

- Эми азыр бирдеме деп айтыш эрте, - дейт Токон Мамытов, -
Ошол маалымат чын бекен? Ким кол топтоп атыптыр? Малчыларбы? Текшерүү жүрүп атат. Азыр бир беткей кеп айтканга эрте.


Айрым саясатчылар Борбор Азияга бүлүк салууну көздөгөн күчтөрдүн Тажикстанда пайда болуп жатканына ишенишпейт. Маселен, мурдагы Тышкы иштер министри, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев Тажикстанда абал референдумдан кийин дурус жолго түшүп калды деп ойлойт:

- Акыркы референдумдан кийин Тажик өкмөтү өз бийлигин түптөп, өзгөчө, Хожент облусунда жана башка аймактарда да бекем эле кармап турат.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдимомунов дагы “Тажикстандын оппозициялык күчтөрү аймактагы абалды курчутууга кызыкдар” деген маалыматка ишенбей турганын айтат. “Тескерисинче, - дейт депутат, - алар Баткен, Чоңалай окуяларында чегараны чыңдап, абалды оңдоого өз салымдарын кошушкан. Ал эми мындай өңүттөгү маалыматтардын тарашына айрым саясий күчтөр кызыкдар болушу ыктымал”.

- Алар, менимче, - кылмыш топтору менен байланышы бар кишилер, - деп сөзүн улантты Алишер Абдимомунов, - Алар курал жана баңги ташыган топтор менен байланышта. Кырдаалдын чыңалып, курчушу аларга пайдалуу болушу ыктымал. Менимче, элди дүрбөткөнгө мына ошолор кызыкдар.