Анкарада Иракта баш бааналаган түрк күрттөрүн репатриациялоо келишимине кол койулду

АНКАРА. Түрк аскерлери менен күрт козголоңчуларынын согушунан жанын ала качып, 90-жылдарда Иракка жер которгон күрттөрдү мекенине кайтаруу жөнүндө орток макулдашууга кол койулду. Улуттар Уюмунун качкындар агенттигинин маалыматына караганда, АКШ, Түркия, Ирак жана Улуттар Уюму кол койгон орток макулдашууга ылайык, Ирактын Эрбил шаарындагы качкындар лагеринде жашаган 9 миңдей күрт мекенине кайтарылат. Уюмдун өкүлү качкындар мекенине өз каалоосу менен гана жеткириле турганын айтат. Келишим эки айдан кийин күчүнө кирет.