ДАВОСТО ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМ АЧЫЛДЫ

Айнура Жекше кызы Бүгүн Швейцариянын Давос курорт жайында Дүйнөлүк экономикалык форум ачылды. Быйыл дүйнөнүн саясий жана бизнес элитасы глобалдык экономикалык сурооолорго көбүрөөк көңүл бурат деп күтүлүүдө. Анткени 11-сентябр жардырууларынан кийинки коопсуздук маселелери Альпы тоолорундагы салттык жыйындын күн тартибинде биринчи орунду ээлеп келген. Пакистан менен Иран президентери, АКШнын вице-президенти, БУУнун баш катчысы жана башка мартабалуу саясатчылардын катышуусун эске алсак, бул форум дипломатиялык жактан жемиштүү болушу мүмкүн дешет байкоочулар.
2001-жылкы террордук окуялардан бери коопсуздук проблемалары Давос форумунда үстөмдүк кылып келатат. Бирок быйыл алар бир аз артка жылдырылып, валютанын туруксуздугу, соода жана атаандаштык өңдүү нагыз экономикалык көйгөйлөр көбүрөөк талкууланат деп күтүлүүдө. Ошентсе да, форумдун алкагында өтүүчү 10 семинардын ичинен теңме-теңи коопсуздукка байланыштуу. Алар – “Терроризм”, “Ирак”, “Тобокелдик”, “Геосаясат” жана “Элдин коопсуздугу” деп аталат.

Быйылкы жыйынга Европанын борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише, АКШнын соода министри Доналд Эванс, Жапониянын салык саясаты боюнча министри Хейзо Такенака катышат. Байкоочулар үч жогорку өкүл өз ара кездешүүлөрүндө доллардын наркынын төмөндөшүн жана Чоң жетилтиктин каржы министрлеринин эмки айга белгиленген жолугушуусунун маселелерин талкуулоого мүмкүндүк алышаарын белгилешүүдө.

Швейцариянын өкмөтү форум менен катар жума күнү Дүйнөлүк соода уюмунун жыйынын өткөрүүнү пландап жатат. Ага 20 чакты соода жана экономика министрлери катышат деп болжолдонууда.

Форум “экономикалык” деп аталып жүргөнү менен, анда көптөгөн саясий маселелер талкууланаары да белгилүү. Бул жагынан алганда, быйылкы жыйын оң дипломатиялык жылыштарга алып келиши ажеп эмес.

Үйүндөгү саясий кризиске карабай, Давоско келүүнү чечкен Иран президенти Мохаммад Хатаминин чыгып сүйлөөсү ачылыш күнүнүн негизги окуясы катары бааланып жатат. Шейшембиде Швейцариядагы расмий визити маалында Хатами “терроризм менен зомбулукту жок кылышыбыз керек” деген пикирин ортого салды. Форумга Ливиянын премьер-министри Шукри Ганем да келет деп күтүлүүдө. Ошентип, Триполинин декабр айында өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартканы оң дипломатиялык натыйжа алып келе баштады. Анткени дээрлик 20 жылдай Ливия бул форумдан гана эмес, көптөгөн ири эл аралык жыйын-жолугушуулардан да четтеп калган.

Былтыркы форум Ирак кризиси боюнча трансатлантикалык талаш бийик сересине жетип турган кезде чогулган эле. Ушул себептен, быйылкы жыйын АКШ-Европа мамилелери үчүн да кандайдыр бир сынак болуп калмакчы. Мисалы, Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен Франциянын геосаясий ролу жөнүндө баяндама жасайт.

Америкалык жогорку делегациянын курамында вице-президент Дик Чейни, мамкатчы Коллин Пауэлл жана Башкы прокурор Жон Эшкрофт бар. Юстиция департаментинин басма сөз өкүлү форумду кас тараптын аймагы катары эмес, мүмкүнчүлүк түзүп берүүчү жай катары баалады. Жыйынга Ирактын америкалык администратору Пол Бремер Башкаруу кеңешине кирген министрлердин коштоосунда келде.

Шаршембиде Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро давосто сүйлөгөн сөзүндө коалициянын максатын мындайча сыпаттады:

- Быйылкы негизги иш – 1-июлга чейин бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү. Ошондон кийин коалицияга жардам берүү вазийпасы жүктөлмөкчү. Биздин максатыбыз - Иракка анын келечеги жөнүндө өз пикирибизди таңулоо эмес. Биздин ишибиз – жетишилген консенсусту колдоо, - деди британ дипломатиясынын башчысы.

Былтыр жыл этегинде эки жолу өмүрүнө кол салуудан аман калган Пакистан президенти Первез Мушарраф дагы Давоско аттанууда. Жакында Мушарраф Индия менен Кашмир маселесин талкуулоого даяр экенин, Пакистанда орун алган радикалдуу экстремисттик топтор менен чечкиндүү күрөшүүгө дилгир экенин көрсөтүп, эл аралык коомчулуктун, бир катар дүйнөлүк лидерлердин алкышына арзыган.

Башка катышуучулар арасында БУУнун баш катчысы Коффи Аннан, Грузиянын жаңы президенти Михаил Саакашвили, Түркиянын премьер-министри Режеп Таип Эрдоган, АКШнын мурунку мамлекет башчысы Билл Клинтон, Россиянын каржы министри Алексей Кудрин бар.

Кыргызстандын президенттик администрациясы маалымдагандай, бул жолку форумга президент Акаев катышпайт.

Жолугушуунун уюштуруучуларынын ырастоосунда, быйыл антиглобалисттердин демонстрациялары мурдагыдай масштабдуу болбойт деп күтүлүүдө. Ошол эле мезгилде коопсуздукту камсыздоо үчүн 2 миңдей аскер, жүздөгөн полициячы тартылган. Андан тышкары алты жарымга чукул аскер күжүрмөн даярдык абалына келтирилген.