Бул тууралуу ишембиде АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолугушкан Эл аралык кызыл чырым коомунун президенти Якоб Келленбергер билдирди. Ал сүйлөшүү маалында Гуантанамодо камалып отурган 660 туткундун статусун жана аларды ал жактан бошотуу мүмкүндүгүн талкуулаганын маалымдады. Мындан тышкары, Келленбергер азырынча Вашингтон Кызыл чырым коомунун жетекчисин Ирактын экс-лидери Саддам Хусейн менен качан жолуктураарын айтуудан баш тартканын кошумчалады.
Эл аралык жаңылыктардын кечки топтомун даярдаган Венера Сагындык кызы
Эл аралык жаңылыктардын кечки топтомун даярдаган Венера Сагындык кызы