КАЗАКСТАН ЖОЛДУ КЕНЕН АЧТЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек Казакстан - Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү. Кыргызстандын Орусияга жана башка өлкөлөргө жасаган экспортунун көпчүлүгү да Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Буга чейин Казакстан Кыргызстандын жүктөрү үчүн жогорулатылган эл аралык тарифтерди колдонуп келген. Ошого байланыштуу Кыргызстандын товарлары кымбаттап, башка өлкөлөрдүн рынокторунда атаандыштык жөндөмүн жоготуп, экспорт өспөй калган. Жыл жаңыраар алдында эки мамлекеттин президенттери Астанада жолугушуп, Кыргызстандын жүктөрүн мындан ары Казакстандын ички тарифи менен ташып өтүү тууралуу макулдашышты.
Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү Базарбай Мамбетовдун бизге берген маалыматы боюнча, азырынча бул тууралуу келишимге кол коюла элек. Ал июль айына чейин даярдалып, кол коюлууга тийиш. Бирок 1-январдан тартып Казакстан Кыргызстандын жүктөрү үчүн ички тарифти колдоно баштайт.

- Назарбаев документке кол коюлушун күтпөй эле, “1-январдан баштап Кыргызстандын жүктөрүнө ички тарифти колдонгула” деп айтты – деди Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, эми темир жол тарифтери 5-6 эсе төмөндөйт. Мисалы, Казакстандын темир жол башкармалыгы 1 тонна көмүрдү 200 чакырымга ташууга 7 доллар 40 цент алып келсе, эми ал 1 доллар 30 центке чейин арзандайт.

Географиялык жактан туюкта жайгашкан Кыргызстан үчүн транзит маселеси - эң маанилүү маселе. Кыргызстан өзү эч кимге эч кандай тоскоолдук кылбайт. Ал эми Казакстан, Өзбекстан жана башка кошуна өлкөлөр “өз өндүрүшчүлөрүбүздү колдойбуз” деген шылтоо менен темир жол жана бажы тарифтерин көтөрүп, автомобиль каттамдарына квота киргизишкен. Мунун натыйжасында унаа чыгымдары товардын баасынын 40-60% түзүп калган. Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан Казакстан аркылуу жүк алып өткөндүгү үчүн ага жылына 10 млн. доллар төлөйт. Бул - казак чиновниктери өз чөнтөгү үчүн чогулткан мыйзамсыз акчаларды кошпогондо. Транзит маселеси кыргыз ишкерлеринин көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн. Муну айтып отуруп тажаган ишкерлердин айрымдары алар үчүн да биздин жерде ошондой тоскоолдук түзүүгө өкмөттү чакыра башташкан.

- Алар кылган тоскоолдуктар бул жерде да болушу керек. Алар эмне кылса биз да ошондой кылышыбыз зарыл. Ошондо гана алар бизди сыйлап, биз менен эсептеше башташат, – деп жаткан болчу Бишкектеги № 7- жүк ташуучу автоунаа ишканасынын башкы директору Владимир Виленский жакында эле өткөн жыйындардын биринде. Эми алар азыр мойнунан оор жүктү алып салгандай болуп жатышат.

- Эки президентке ыраазы эле болуш керек. Алар көсөмдүк кылышты. Экөө сүйлөшүп туруп, мурда элди жана ишкерлерди кыйнаган нерсени алып салышты. Ары-бери өткөн ишкерлерге жеңил боло түштү, - дейт Товар чыгаруучулар ассоциациясынын төрагасы, депутат Карыпбек Алымкулов.

Былтыр өзбектер да “Кыргызстандын жүктөрү үчүн ички тариф колдонобуз” дешкен болчу. Бирок ал ишке ашкан эмес. Казакстан болсо бул жолу аябагандай марттык кылып жатат. Базарбай Мамбетов Астанада кабыл алынган чечимдерди эки өлкөнүн мамилесиндеги тарыхый бурулуш катары баалады.

- Биз, экономисттер жана өкмөт мүчөлөрү, бул визитти жана жетишилген келишимдерди тарыхый бурулуш деп эсептейбиз, - деди Базарбай Мамбетов. Бирок «Казакстандын бизге мынчалык жакшылык кылышынын сыры эмнеде?» деген суроого жооп катары вице-премьер-министр кыргыз тарап Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна киришине макулдук бергенин жана Ысыккөлдөгү санаторийлерди өткөрүп берүүгө убада кылганын маалымдады.