Багдад. Ирактын Киркук калаасында АКШнын аскерлеринин жаңылыштыгынан жергиликтүү полициянын үч кызматкери набыт болду. Шаар акимчилигинин маалыматы боюнча, жума күнү түн ичинде Киркуктун түштүгүндөгү текшерип-өткөрүү пунктуна америкалык аскерлер ок ачышкан. АКШнын аскер командачылыгы азырынча бул окуяга карата тиешелүү жообун бере элек.