Ооган аялдары тең укуктуулук принцибин активдүү талашууда

Кабулда өтүп жаткан Лойа Жырганын жыйынында делегат аялдар бул тууралуу конституциянын долбооруна атайын пункт киргизүүнү талап кылышты. Долбоордо бардык жарандар тең укуктуу деп гана айтылат. Бул аялдарга эркектер менен тең укукта болгонго мүмкүндүк бербейт, деп эсептешет делегат-аялдар. Талиптердин тушунда келин-кыздарга билим алганга,коомдук турмушка катышканга тыюу салынган эле.